Бир кедей киши үй-бүлөсүн, байга жалданып иштеп бакчу экен. Жумушун калыстык менен абдан так аткарат. Күндөрдүн биринде ал жумушка келбей калат. Ошондо кожоюну өзүнө өзү: «Ал эмгек акым аз деп ишке келбей койбосун, анын айлыгын бир динарга көбөйтөйүн, ушуну каалагандыктан келген жок»,- деп ойлойт.
Кийинки күнү кожоюн анын маянасын бир динарга көбөйтүп берет. Бирок, кызматкер эч кандай себебин сурабайт. Үн катпайт. Бир канча күн өткөндөн кийин кызматчы дагы келбей калат. Кожоюн катуу жинденип: «Өткөндө айлыкка кошкон бир динарды кайра азайтам»,- дейт. Кемиткенде да кызматкер үндөбөйт, мурунку калыбында иштей берет жана себебин сурабайт. Кожоюну таңыркап андан сурайт: «Маянаңды көбөйттүм себебин сураган жоксуң, кемитсем да эч нерсе деген жоксуң»?!
Кызматкер: «Биринчи келбей калганымда Кудай мага бир перзент насип кылган эле, ошондо маянамды көбөйткөнсүз. Мен ойлодум: «Бул баламдын ырыскысы өзү менен кошо келди». Экинчи ирет келбей калганымда болсо, апам көз жумган эле. Маянамды азайтканда: «Бул апакемдин ырыскысы эле өзү менен кошо кетти»,-деп ойлодум.
Чындыгында ар бир жан өз ырыскысы менен келип, өз ырыскысы менен кетет