Ата-бала, бир айып иш кылып коюшуп, аларды казылык мекемесине алып келишти. Казы алардын кылган айып иштерин уккандан кийин, «он дара атасына, он дара уулуна ургула»- деп өкүм чыгарып, «биринчи атасынан баштагыла!» деди. Он дара атасына урулду. Тишин-тишине кымчып, чыдап таяк жеди. Бир аздан соң уулуна кезек келип, аны жазалап жатканда. Ата ар бир урулган таягына: «Даат,даат!» — деп кыйкырып жатты. Казы таң калып:
— Эй мусулман, азыр эле сага мындан катуу урганда «Даат» деген жоксун. Эмнеге балаңды уруп жатканда кыйкырып жатасын?
— Урматтуу казы, жанаракта менин эт-сөөктөрүмө уруп жаттыңар,азыр болсо боорума уруп жатасыңар, оорусуна чыдабай баратам!
Ата баардык мүшкүл иштерге чыдайт. Баласынын ооруп, сыркоолоп калганына, кыйынчылыкта турганын көрүп, чыдап тура албайт. Жоодо эч кыйынчылыкты көзүнө илбеген аталар аз гана уулунун башына балээ келип калганда, убайым, сар-санаага түшөт. Биле жүрүңүз уул-кыздар! Аталардын мээримин. Аталардын кадырын. Бир убакыт келет, «баскан издерин табарек кылып алайын» десеңиз да таппайсыз. «Атамдын изи болсо экен,көзүмө сүртсөм» дейсизго, бирок, мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Ажылыкка барып, Арафат тоосунда турсак атасын жетелеп жүргөн адамдарды көрүп, көзүбүзгө жаш келип ыйладык. Бул бакыт бизге насип кылбаптыр! Кана менин атам да жашоодо болсо, Арафат тоосунда, Минада батасын алсам! Көтөрүп алып Каъбаны айлансам!
Ата кадырын балалуу болгондо билдик. Уул-кыздарыбызды эрезеге жеткиргенде,атамдын чеккен машакаттарын, эмнеге каарып, жүздөрүнө бырыш түшүп, колдору калтырак,буттарынан күч кеткенин бала чоңойгондо билдик. Оо, Жараткан Эгем! Ата — энеме ырайым кыла көр! Мен баласымынбы, эгер аларга арнап дуба-тагбир кыла албасам?! Мен баласына татыктуумунбу, эгер рухтарына арнап тилават кыла албасам?!
Которгон: Чыңгыз Асранкулов.
Атаны көзү барда сыйлай жүрда,барктай бил!
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз