alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Рубрикасыз

Кошунага зулумдук кылба

Москвадан дем алганы, жаны эле айылга келгем. Ата-энемдин кубанычында чек жок. Коптон бери келбей жургонго, аябай сагынып калышканбы жандарынан чыгаргысы келбейт. Апам байкуш берсем деп эле, баарын оозума салып куйполоктойт. Ачып козду ачкыча, арадан бир жума тез эле отуп кетиптир. Жакын туугандарым менин келгенимди билип, коноко чакыра башташты. Озубуздон одонку айылда, атамдын бир тууган агасы турар эле. Мектепти бутуп эле, окууга тапшырып, андан ары эле Москвага кетип, барбаганыма коп болгон. Бир куну алар да коноко чакырып калышты. Озум алып берген машинени атам айдап, апам экообузду алып, туугандарга жонодук. Алардын уйу тээ чет жакасында боло турган. Азыр баарынын балдары иштеп, жер алып, уй салып байып калбадыбы. Жалгыз турган уйду, дагы уйлор курчап кобойуп калыптыр. Сырттан кире бергенде эле, эттин кайнап аткан жыттары сезилип турду. Уйго кире бергенде эле, кагылайын деген аялдардын курчоосунда калдым. Чон апам да жашып алган. Баары менен учурашып, торку уйго отушубузду айтышты. Апам аялдар менен ал жакта отуруп калды. Босогодон аттаганда эле копчулук эркектер чогулуп отурган экен, бизди коро коюп баардыгы ордуларынан козголо башташты. Биз  менен учурашып саламдашканы. Баардыгы менен саламдашып алик алгандан кийин, бурчта отурган аксакалдын жанына мени отургузушту. Бир алдын чоочулап, бир алдын сурдоп, ушунча кишинин ортосунда отурганыма озумду ынгайсыз сезе баштадым. Мындай копчулукто коптон бери отурбагам. Баардыгы жашы улгайып калган адамдар. Тээ илгерки бир нерселерди айтып маек кылып, отурушат. Бизде айылда эн жакшы жери, аялдарды болок уйдо, эркектерди болок уйдо сыйлаганы. Ушунчалык меймандос экенибизди эми байкадым. Ак сакалын жайкалткан аталарды торго отургузуп коюп, жаштары эшик тарапта, чай сунуп сыйлап жатышат. Бир мезгилде, жанымдагы аксакал созун баштады. Аллах уйуно береке берип ыраазы болгон болсун, ушул кошунама. Мени аркы дуйнодо да ушул кошунамды кошуна кылсын Аллахым. Баардыгыбыз бурулуп, аны тиктеп, тыншап калдык. Ата энесинин тарбиясына таазим. Мен канчалаган зордук зомбулукту корсотуп,  кордосом да , саабыры жетип кечирип отурат. Мунун саабырдуулугуна, адилеттуулугуно, тан калам. Корсо мунун ички дуйносун, журогун корогоч кылган экен да Аллахым. Качан гана башындан бир нерсе откондо, аттин деп баш чайкап окунот экенбиз. Тээ илгери, мен дагы, акылы тайкы динден тушунугу жок акылы пас инсан болгом. Аллахка шугур келтирип тооба кылам, тируулугумдо тушунуп Аллахты таанып калганыма. Ондонуп жай отуруп суйлойун дедиби ордунан козголо баштады эле, аны билгендей жаштар тура калып, ондоп отургузуп , тошокту алдына жаап, кымтылап коюшуп жайларынан орун алды. Ошондо билдим баспай калган аксакал экенин. Кайрадан созун улады . Мен балдарым менен бул кошунамды мыскылдаганды жакшы корор элек. Мынабу уйун жакшылап айлана тегерегин тосуп албайт,  дагы мага акыл уйротот. Малдарымды эгин эгип койгон, тааласын тебелетип отор элем. Кыйын болсон тосуп албайсынбы деп. Эсимде бир куну баласы сут сурап келгенинде, беш уй саап жатсам да, даяр сут турса да бербей койгом. Кичине баласы сутко тойбой, ыйлап жаткан экен. Ушуга беремби? Андан коро итим ичсин деген кыязда, уйдон кууп чыккам. Байкуш балдары жылан аяк, жылан бут журуп эле чонойушту. Ошончо байлыгым ашып, ташып турса да, бироого бергенден кызганат элем. Ар кимди ошентип мазактап журуп карыганымды, мына баспай, эч кимге керегим жоктой болуп калганда сезип отурам. Балдарымды оозуна тыгып бага берген экемин, баардыгы мээримсиз болуп чоноюшту. Баардыгы чон окууну бутурушту. Бирок мага убактылары жок. Шаардан келишпейт. Карыганда жолонуп таянар тоолорун ушинтип атса, мындан откон кордук жок. Кемпирим экообуздун канча жашыбыз калды аны бир Аллах билет. Аллахка шугур айтам, баспай калсам да элден болбой, ушул кошунам дайым, озу менен бирге алып журот. Жамандык жакшылыка да бирге барабыз. Ач калганым жок. Балдары барып каралашып турат. Отун сууму ташып дегендей. Бир убакта кордук коргозсом да, кошунам дайым жылмайып тосуп алат. Анын бир созу бар. Кошунан ачка болсо, жардам бер. Кошунага зулум кылба деген. Намазды да ушул кошунам уйротту. Аллах андан ыраазы болсун. Балдары да тартиптуу ыймандуу осту. Мен бир эле нерсеге тан калам. Ушунча жаман жагымды коргозсом да, мага эч нерсе болбогондой жардам кылат. Баспай калганыма беш жылдын жузу болсо да, эртели кеч дайым кабар алып турат. Эшике чыгарып эл менен аралаштырып дегендей. Аллахым ушунчалык жан дуйносун кен кылган экен  . А мен акмак карыганда билип отурам жылуу мамилени. Кылган ишим учун алдында кечирим сурайм кошуна деп, коздорунон жаш чыга баштады. Балдарымдан да артык караган сенсин. Мени кечир. Кемпирим экообуз тируулугуздо ыраазычылык билдирели. Коздорунон салалаган тамчы жашты коруп, агам чыдабай кетти корунот. Коюнчу каяктагыны эстебей деп, жанына жылып отту. Жок мен кодонумдогу журок ооруткан ооруну чыгарайын кошуна. Антпесем кыйналып кеттим деп кучагын ачты. Келчи дагы бир кучактайын. Агам жанына откондо, экоо кадимки жаны корушкон достордой болуп кучакташып калышты.  Ыйлап жаткан экооно карап баарынын коздорунон жаш ага баштады. Отургандар не дээрин билбей, карап отуруп коздорунон жаш кетти. Канча турушту билбейм, бир маалда,  агамдын кичуу уулу кирип келди. Тамакты киргизе берелиби деп?. Баардыгы жайына отуп тамакты кутуп калышты. Аксакал бизди карап, кордунорбу? Силерге да сабак болсун. Эч качан бироонун конулун оорутуп, кулуп мазактабагыла. Мобу аганарга карап сабак алып, жакшылыкты кыла билгиле. Колунардан келсе садака бергиле. Кембагалдарды карагыла. Ошондо сооп иштеринер кобойот. Куноо ишти кылбагыла. Болбосо Аллахтын азабы кучтуу деп тарбия насатын айтып калды. Тамак ичилип бутуп, коноктор  уйлоруно тарай баштады. Баары кетип бутушкондо, агам кошунасын жоонуна которуп алып уйуно жоноду  алып барганы. Алардын аркасынан мен да жонодум кызыгып. Кызыгы агам таштап эле кайра кайтпастан, конулун алып, бутун укалап бир аз отуруп, жаткырып анан кайтты. Кеч кирип, уйго кетууго, камындык. Атамдын жузундо кубанычтын жашы турган болчу. Бир тууганынын мактоого татыктуу болгонуна. Мына кордунбу балам омур ушундай тез эле зуулдап отуп кетет. Жакшылык иштеринди кобойт деген атам, мага жылмайып кулуп койду. Бугунку кун мага омур бою очпос сабак калтырды. Аллахым баарыныздардын журогунуздорду кен кылган болсун. Адашкан пенделерибизге туз жол коргозгон болсун. Жана бардыбыздан Аллах ыраазы болсун.
Автор Улукбу Жумали кызы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button