Атым жашыруун болсун. Өз башымдан өткөн тагдырымды айткым келди. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп эки тараптын ыраазычылыгын алып таттуу турмуш баштадык. Эки кыздуу болдук. Ошол арада жолдошум үйгө кеч келчү болду. Акырындап келбей да калчу болду. Чалсам телефону өчүк болот, анан үйдө алтын, күмүш буюмдар жоголо баштады. Алдап сурайм, ыйлап сурайм, урушуп сурайм… эч нерсе айтпайт. Бирок үч уктасам түшүмө кирген эмес казиного берилип кетиптир. Айылдан кайненем менен кайнатамды чакыртып айтканга мажбур болдум. 2 жылдан ашык айтпай жүрдүм, койбой койду дедим. Апам бечара (кайненем) давлениеси бар эле туруп туруп эсин жоготуп койчу болду. Аны дагы аяган жок, мени дагы, балдарыбызды дагы аяган жок. Кайнатам акыркы сөзүн айтты: “Эгер кумар оюнуңду токтотуп үй-бүлөңдү сактап бактылуу жашооңду улантпасан мени ата деп үйгө кайрылып келбегин!» деди.
Ал сөз да намысына жеткен жок. Акыры өзүмдүн апам сени балдарыңды казиного уттуруп же өлтүртүп салбасын, ушуга чейин эмнеге жашырып жүрдүң деп ажыратып алды.
Ошентип үй-бүлөм бузулду… балдарым тирүүлөй жетим калды. Азыр каякта, тирүүбү мен да билбейм, кайын журтум да билбейт. Алар өз жанынан бүткөн уулун кечип жиберишкен.
Мен көргөн канча деген жаш үй-бүлөлөр бузулду… жапжаш кыздарыбыз жаш келин болуп барып канча деген келтек жешти… мен өзүм башымдан өткөнү үчүн айттым… барбай эле койчу деп колунан кармап жалдырап турсаң да силкип басып кетчү…
Айтайын дегеним, мамлекетибизге арам иштерди аралаштырбаса! Кайра жаман нерселерди тыйып, тартипти күчөтсө дейм. Мен көңүлүм үч кочкондой калып отурам…((( казиного макул болуп колдогон жана кол койгон депутаттарга Алланын каргышы тийсин!