Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын 43 жаштагы тургуну Рустам Абдрахманов 30 жылдан бери бешик жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Устанын айтымында, атасынын, агаларынын негизги жумушу бешик жасоо болгондуктан 5 жашынан эле жыгач кармап баштаган. Бирок бешикти сапаттуу жасоону үйрөнүп кетүү үчүн 7 жыл убакыты кеткен.
Бешиктер көбүнчө ак тал, кара талдан жасалат. Жаңгактан да жасашат, бирок көп эмес. Талдан жасалган жыгачтардын баасы да, сапаты да талапка жооп берет. Анын материалдарын дыйкандардан алышат. Атайын бешиктин жасалгасы үчүн тал өстүргөн дыйкандар бар. Бир бешикти жасоо үчүн 3 күн убакыт кетет.
«Көбүнчө талдан жасайбыз. Буюртма түшсө, жаңгактан да жасайбыз. Бирок аны касиети жок деп айтышат. Ошондон улам көп деле жасабайбыз. Өтө кеп мээнет кетет»,- деди ал.
Бешиктин баасы 700 сомдон башталып, 4 миң сомго чейин бааланат. Эң кымбаты жаңгактан жасалгандары болуп эсептелет.
«Бешик жасоону үйрөнгөндөн бери 1000ден ашык бешик жасагам. Өтө майда иш болгондуктан бир бешикти жасоо 3 күндү талап кылат. Бешик жасоодо же тандоодо, анын түздүгүнө, терметилишине маани берүү керек. Анткени баланын дене боюнун түз өсүүсү үчүн бешик чоң роль ойнойт», — деди ал.
Анын айтымында, алгач бешик жасап баштаганда туура эмес курап, кайра бузуп, бир бешикти бир жумадан ашык убакытта жасап бүтүргөн.
«Кээде кыжырданып, «болду жасабайм» деп өнөрүмдү таштагым келген. Бирок өзүмдүн кызыгуумдун арты менен жакшы өздөштүрүп, бир нече убакыттан кийин мыкты уста болдум. Бүгүнкү күндө менин кардарларым абдан көп. Ошондуктан ар бир бешикти жоопкерчилик менен жасайм», — деди ал.