Ош облусунун Ноокат районунда Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун аткаруу багытында өткөрүлүп жаткан ишембиликтер жыйынтыкталды. Бул боюнча Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев билдирди.
«Туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачын тоскоолдук жаратып, пландагыдай ишембилик, тазалык иш-чараларын өткөрө албадык. Бирок, райондогу мечиттер колдон келишинче тазалоодон өттү. Рамазан айынын таравих намазына келген жамааттарга ыңгайлуу шарттар каралды. Андан сырткары мечит короолору да тазаланып, көчөттөр тигилди», – деди Музаффар ажы Турдубаев.
Эскерте кетсек, облус аймагында бир ай бою ишембилик иш-чаралары уюштурулду.