Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу мечиттерде Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен ишембилик өткөрүлүп, мечиттердин ичи жана сыртын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Дээрлик 20 күнгө созулган жаандан улам тазалык иштерибиз бир аз аксады. Айрым мечиттерде катуу жааган жаанга карабай мечиттердин айлана-чөйрөсү тазаланды. Имамдарыбыз өздөрүнө таандык мечиттердин сырткы жасалгаларын жакшыртып, тазалык иштерин улантууда. Тазалыгы сакталбаган мечиттердин кызматкерлерине тийиштүү чаралар көрүлүүдө», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.