21-август күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит кызматкерлери ишембиликке чыгышып, мечиттин айланасын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
«Ислам динибизде тазалыкка өзгөчө көңүл бурулган. Адамдын ички (жүрөктүн) тазалыгы жана сырткы тазалыгы болуп, жүрөктү ибадат менен жакшылык иштерди аткаруу менен тазалоого болот. Ал эми сырткы тазалыкты айлана чөйрөнү жашылдандыруу жана таштандылардан арылтуу менен тазалаган болобуз», — деди ишембиликтин катышуучулары.
Айта кетсек, Ош шаардык мэриясы тарабынан эгемендүүлүк күнүнө карата 28-августка чейин ишембилик деп жарыяланган.