Кантип бактылуу болобуз?
Туугандар биринчиден ката жазсам кемчилдиктерим үчүн кечирим сураймын.
Аллах өзүң кечир көр.
Биз адам баласы кооз нерселерди, аттын кашкасындай таанымал болгонду, бизнесмен, олигарх, жылдыз, сулуу болгонду өтө жактырабыз айта берсе сөз көп. Мына ушул айтылган нерселер бизди бактылуу кылат деп ойлойбуз.
Таптакыр туура эмес түшүнүк ушул айтылган (статустар)
АЛЛАХ озу Кур’анда бактылуулукту динге (Исламга) койдум деп жатса , биз Москвадан Анталия, Корея , Дубай Америка, ушул жактардан издейбиз.
Бактылуулук бул (жупуну) кедей болсоң да жүрөктө Аллах болсо, дин болсо, Пайгамбарыбыз С.А.В болсо сиз бактылуу эмей ким анда бактылуу .
Ушуну билип туруп бирок нафсиге каршы чыга албай жеңилип жатабыз. Сиз кумир туткан ырчылардын , байлыгына, сулуулугунп суктанган адамдардын жашоосуна көз чаптырыңызчы?
Ырчылар дагы да таанымал болсом бактылуу боломун деп ойлошот, бирок андан да ырахат бактылуулук даамын сезбей кыйнала беришет.Үй — бүлөлүк бакыттын даамы алардын көбүндө жокко эсе..
Бай дагы да бай болсом деп ал да бактылуулук табалбай кыйналат. Акчасын жоготушту коркуп жүрүп, өтүп кетет.
Сулуу сулуулугун фигурасын башкалардан бийик коюп, алда картайып өңү суук жагымсыз болуп өтүп кетет.
Дыйкан мол түшүм болсо экен деп эртели кеч иштеп жүрүп, ал да акыры алдан тайып мол түшүмүн ала албай калат.
Аллах канча тагдырына жазганынан бир да ашыкчасыз.
Айтылган мисалдардын кимиси болбоңуз жүрөгүңүздө Аллах, дин , Пайгамбарыбыз С.А.В болсо , анда сиз
Ин Шаа Аллах бул дүйнөдө, акыреттте да бактылуусуз.
Кептин баары нафсиде турат. Нафси сизди бактылуу болушуңузга өтө каршы иштеген (система) .
Ошол үчүн Пайгамбарыбыз С.А.В ким душман издесе өзүнүн нафси жетишерлүү деген.
Акыретиңизге кам көрүңүз тууганым. Бул дүйнө жашоосу сиз кааласаңызда, каалабасыңызда өз сапарын улай берет. А акырет жашоосу биз каалагандай эмес биз жашагандай түбөлүк бүтбөс ырахат же азап.
Пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуңуз сизге көп түрткү болуп бактылуу болушуңузга себеп болот.
Пайгамбарыбыз бир насаатында:
АЛЛАХ бейишти жаратып Жебрейил алейхи саламга буйруду барып көрүп кел
Жебрейил алейхи салам көрүп келип :
Оо, Жаратуучум улуулугуңа ант эгер сенин пенделериң бейишти көргөндө алар бүт баардык жакшы амалдарды кылып бейишиңе киришмек деди.
Эми анда тозокту көрүп кел деди Аллах
Жебрейил алейхи салам тозоктун көрүп келип:
-Оо, Жаратуучум улуулугуңа ант! Эгер пенделериң тозоктун кандай экенин көрүшкөндө , анда алар тозоктон кутулуш үчүн баардык нерсенин беришмек.
Аллах кайра бейишти көрүп келишин буйруду .
Жебрейил алейхи салам бейишти көрүп келип айтты :
— Оо, Жаратуучум улуулугуңа ант! Сенин пенделериң ал бейишке кире алышпайт деп корком. Анткени бейиш нафсиге жакпаган нерселер менен курчалган эле . Намаз , орозо , даават, бүт Пайгамбарыбыз С.А.В үйрөткөн жакшы амалдар менен курчап койгон эле Аллах.
Эми тозокту көрүп кел деп Аллах кайра буйрук кылды .
Жебрейил алейхи салам тозокту көрүп келип:
— Оо, Жаратуучум улуулугуңа ант! Өзүңдүн пенделериңдин баары тозоко түшүп калат деп корком деди . Анткени ал тозок биздин нафсиге жаккан нерселер менен курчап койгон эле Аллах .
Миллиондогон акча, комфорт жашоо,
дискотека, зына, алкоголь, отуруш, ушак, туулган күн ,жаңыжыл сүйүшкөндөр күнү, кыз жигит болуп сүйлөшүү, өбүшүү
☝️ мунун баары нафсиге жаккан нерселер..
Ушулар бизди бактылуулуктан кур коёт.
Аллахтын бейишине шашылыңыздар ал бекер эле бир аз эмгек кылыш керек. Ниетти түздөп жалаң гана амал кылуу менен жокко чөкпөй, барга көппөй дүйнөнүн кайсыл кычыгында болсоңуз да
Аллах буйруган иштерге бекем болуңуз..
Катуу айтсам кечириңиздер. Айрыкча азыркы Аллахтын чоң сыноосу келип турган учурда . Намазыңызды толуктаңыз, намазга ниет кылган болсоңуз бүгүндөн баштаңыз. Дүйнө элине, мекенибизге, шаарыбызга, айылыбызга, үй — бүлөөбүзгө тынчтык тилеп, оорунун зыянынан жеңил чыгып, биргеликте жеңип Жараткандан коргоо сурап дуба кылалы!
👳♂️Жабир ,Нуркан.
꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂⠀
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
📲WhatsApp: +996 771 822 202..
📲+996 778 531 798
══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
Чын айтасыз бактылуулук байлык бул акретте бул жашоого мусаапырбыз акрет туболук 🥺 мен кун сайын актетти ☝️Аллахымды☝️ пайгамбарымды ☝️сагынамын олумумду кутуп келем бул жашоо мен учун 1тыйын чалык татыбыйт акретти эстесем бул жашоону жек коруп кетем😔