alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларТаасирдүү окуялар

МЫНДАЙ ӨЛҮМ АР КИМГЕ ЭЛЕ НАСИП КЫЛА БЕРБЕЙТ.

МЫНДАЙ ӨЛҮМ АР КИМГЕ ЭЛЕ НАСИП КЫЛА БЕРБЕЙТ. МЫНДАЙ ӨЛҮМ АР КИМГЕ ЭЛЕ НАСИП КЫЛА БЕРБЕЙТ.

✍🏻Пайгамбарыбыз С.А.В айтат :
Сүйлөсөң жакшы сөз сүйлө жакшы сүйлөй албасаң унчыкпа.

Өзүмө жана Аллах каалаган бир канча адамдарга пайда болушу үчүн сиздерге эки болгон окуяны баяндап бермекчимин.

Пайгамбарыбыз С.А.В өлүмдү көп эстегиле ал силерге пайдалуу дейт.

Башка хадисте бир адамдар бар алар өмүрү өткөнгө чейин ибадатта болушат, өлүм бир чыканак калган учурда мына- мына өлүм келсе Бейишке кирет деп жатканда күнөө кылып жатып өлүп анан Тозоко түшүп калат.
А кээбир адамдар бар алар өмүрү өткөнчө баардык күнөөлөрдү кылышкан башкача айтканда зына, арак, наркотик жалган сүйлөө ж.б баардык жаман Аллахка жакпаган иштерди жасашат да өлүм бир чыканак калган учурда дароо Тозоко түшчү акыбал, келип турганда Аллахка жаккан бир жакшы амалды кылып анан өлүшөт да дароо Бейишке киришет.

Биринчи мисал: Бир жаш жигит мечитке кирип келип менден эч нерсе сурабагыла! Исламды кантип кабыл кыламын мага үйрөткүлө?! деп кыйкырды .
Анда имам сиз барып жуунуп (гусл) алып келиңиз деди . Ал жигит кетип жуунуп келди эми эмне кыламын? деп сурады имам шахадат келмесин айтышты үйрөттү ,андан соң намаз үйрөтүштү . Эртеси жаңы мусулман болгон жигит 5 маал намаз окуп өтө берилүү менен ыйлап ду’а кылып жатты . Экинчи күнү да дал биринчи күндөгүдөй беш маал намаз окуду, кайра ыйлап ду’а кылды. Анан ошол жааматтын бири ал жаш жигитке келип:

-Эмне мынча ыйлайсың? Айта аласыңбы сыр болбосо деп сурады. Анда жаңы мусулман болгон жигит:

-Мен күнөөлөрдүн баарын жасадым , баардык динди ойлонуп чыктым эч бир натыйжа чыкпады. Христиан, иудей, буддист ислам баарын изилдедим. Анан ойлондум кайсынысы туура акыйкат (истина) жол деп бир күнү түндөсү ойго батып акыйкатты таппай ыйладым . «Баардык ушул жаралган нерселердин Ээси ким болсоң да мени угуп жатсаң мени туура жолго сал деп суранып уктап калдым .Түшүмдө Иса алейхи салам кирди да:

— Сен Мухаммадты ээрчи деди. Эртеси мечитке кирип менден эч нерсе сурабагыла , мага Исламды кантип кабыл калышымды үйрөткүлө дегенимдин сыры ушул деди.Үчүнчү күнү кечки намаз болду. Имам Такбир айтты кыйамда соң рүкү кылдык. Кайра кыйамга турдук, анан сажда кылдык,жанымдагы жаңы мусулман болгон жигит биринчи саждадан турбады .Экинчи, үчүнчү, төртүнчү рекет окулуп, намаз да бүттү . Ал жигит дагы деле саждадан козголбойт. Аны байкаган иман жанында олтурган адамга аны түртүп ойготушун суранды. Ал адам жаңы мусулман болгон жаш жигитти акырын түрткүлөп ойготкондо ал ошол бойдон жыгылды. Ал жигит бейишке киреби тозокобу киреби толук Аллах билет .
Бирок биз билген мындай өлүм ар бир адамга насип боло бербейт.

Экинчи мисал: Египедтен дүйнө айлануу үчүн атайын Салем атту (лайнер) кеме жолго чыкты. Ал кемеде Аллахтын буйргун бекем карманган аял жолдошу менен бирге эле. Көп өтпөй кеме иштен чыгып, суу кирип , чөгө баштады. Ошол кезде жолдошу аялын кеменин астынкы кабатынан издеп таап:

— Шашылгын кеттик, кеме чөгүп жатат, өлгөнү калдык деп аялын; ээрчитип жан сактоочу болду. Ошондо аялы:

— Токтой тур! Мен хиджабымды таап кийип алайын . Анда жолдошу ачууланып:

— Сен түшүнүп жатасыңбы? кеме чөккөнү калды! Кайдан табасың, ал хиджабыңды? Кеттик деп болбой жатты. Ошондо аялы :

-Сен бара бер , мен сенин артыңдан барамын деп көктөнүп, хиджабын таап кеменин үстүнкү кабатына чыгып , күйөөсүнө алдына келди. Хиджабын кийип алыптыр .Исламда жанын сактоо үчүн хиджабын таштоо экинчи орунда болсо да , ал аял Аллахтын өкүмүн таштай албаймын деген экен.
Ошентип ызы — чуу, адамдар сууга чөгүп жатышты аялы күйөөсүн карап:

-Айтчы менден ыразысыңбы?
Күйөөсү убакытты тапкан экенсиң эмне деген суроо болду деп ачууланып айтты аялы:

— Экинчи ирет сурап жатам менден ыразысыңбы?
Үч жолу сураганда күйөөсү:

— Ооба менин аялым экениң үчүн жана сендей аялдын жолдошу мен экениме аябай сыймыктанам деп жооп берди. Ошол учурда аялы шахадат келмесин айтты.
Андан соң тирүү калган күйөөсү аялын башка көрбөдүм дейт .Аялы ошентип сууга чөгүп каза болгон экен.

Карап көрсөк мындай өлүм да ар кимге насип боло бербейт экен …

Пайгамбарыбыз С.А.В
Адамдарды эки нерсе коркутат, бирок экөөсү тең пайдалуу дейт:

Биринчиси: Өлүм
адам качан өлүмдү эстегенде күнөөдөн тыйылат, балким бул менин акыркы мүнөтүмдүр деп күнөөнү кылбайт..

Экинчиси: Кедейлик
адамды ач калдым, кыйналдым дегени менен акыретте эсеп — кысабы жеңил болот анткени анын жартылуу бизнес акчасы да жок эле..

Ката кетирсем Аллах өзүң кечир.

Нематтардын эң жакшысы болгон акыл. Акылым бар Аллах мага акыл берген деген адам бул айтылып өткөн сабактан үлгү алып эртээрек Исламда , ибадатта жашоосун өткөрөт .

Кээбир адамдар бар аларга канча мисал айтсаң да жетишсиз.

Адамдар эки түрдүү укташат:

Биринчи уйку:
Кадимки биз уктаган уйку ал адамды ойготсоң ойгонуп жооп берет

Экинчи уйку: Ал адамдар уктабай көзү ачык эле жүрүшөт. Бирок алар эч качан. ойгонбойт , жоопта бербейт алар качан кабырга көмүлгөндө ойгонот..

Аллах баарыбызга жакшы өлүм берсин. Окуп, уккандарыбызга амал кылуучулардан бололу…

👳‍♂️Жабир, Нуркан.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂⠀

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. [url=https://telegram.me/s/Prostitutki_Moscow_online]Проститутки МСК[/url] [url=https://t.me/Individualki_spb_online]Индивидуалки Питер[/url] [url=https://t.me/znakomstva_spb_vstrechi_v_pitere]Знакомства Питер[/url] [url=https://telegram.me/s/znakomstva_spb_vstrechi_v_pitere/]Знакомства Питер[/url] [url=https://t.me/rabota_dlya_devushek_spb_i_piter]Работа для девушек спб[/url] [url=https://telegram.me/znakomstva_moskva_vpiski_v_msk]Знакомства Москва[/url] [url=https://telegram.me/s/Individualki_Moscow_online]Проститутки МСК[/url] [url=https://telegram.me/Individualki_spb_online]Проститутки Питер[/url] [url=https://telegram.me/rabota_dlya_devushek_spb_i_piter]Работа для девушек в Питере[/url] [url=https://t.me/znakomstva_moskva_vpiski_v_msk]Знакомства МСК[/url] [url=https://t.me/s/rabota_dlya_devushek_piter_i_spb]Работа для девушек в Питере[/url] [url=https://telegram.me/znakomstva_spb_vpiski]Знакомства СПБ[/url]

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button