👨🏻Ата деген ким?!
⠀
✍🏻Ата! Ата — кандай гана улуу сөз! «Ата «-деген эле сөздун ичинде кандай гана айбаттуулук, үй -бүлөгө күч — кубат бере турган таяныч, аска — зоодой бекем ишенич камтылган!
⠀
«Ата — сырткы тон, эне ички тон»- дегендей, 《ата》 деген үй — бүлө эшигинин бекем кулпусу болуш керек. Ал кулпу бекем болбосо, аял да, бала да өз билгенин кыла баштайт.
⠀
«Атаңдан сурайын, атаң билет, атаңдын айтканын кыл»-деп жубайыңыз, «Атамдан сурайын, атам менен кеңешейин»-деп балдарыңыз алдында 《Ата》-деген аттын сыйына ээ болуңуз! Анткени, ата — кичинекей үй -бүлө мамлекеттин мыйзам башчысы!
⠀
Үй-бүлөдө Аллах белек кылып берген аманат алдында эркектин милдети, жоопкерчилиги:
⠀
📌1. Ата эненин акысы. Үй-бүлөдө ата -энени биринчи орунга коюп, сый -урмат көрсөтүп, жылуу сүйлөп, какпай, мээрим тартуулап, дубаларын алуу керек..
⠀
📌2. Аял акысы. Өз үй -бүлөсүн таштап, өзү тааныбаган, билбеген жаңы коомго сизге таянып, жөлөнүп келген жубайыңызды бар жоктон камсыз кылып, жылуу -жумшак мамиле кылып, өзүңүзгө түбөлүк өбөк болуусуна шарт түзүү керек..
⠀
📌3. Балдар акысы. «Ата болуу оңой, аталык кылуу кыйын «-дегендей, жан -дүйнөсү таптаза болгон, аппак, эч кандай сооп да, күнөө да жазылбаган барактарын ыйман калеми менен толтуруңуз. Балдарды тарбиялоодо ата -эненин балдарга туура тарбия беруу милдети бар жана өтө этияттык менен мамиле кылып, келечекте урпактан урпакты улай турган, асыл үрөн болуусу үчүн Аллахты таанытып, буйуруктарын так аткарууда жардам берип, жакшылыкка себепчи болуп, жакшы амалдарды кылууга жарай турган, жаназаңызда тура турган, түбөлүк дубасы, сооптору жетип тургандай кылып тарбиялаңыз…
⠀
❓Азыркы күндө ар бир үчүнчү үй -бүлөдө даттанган эле адам. Күйөөсү кордогон же таштап кеткен, аялы укпай, ата-эне, кайнене-келин ортосунда келишпестик, баласы атасын укпаган, кызы намысын жоготкон, ичимдик ичкен, тамеки тарткан, тополоңдуу үй-бүлөлөр көбөйүп, коомубузда көйгөйлүү маселеге айланды. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө эркектин, тагырагы атанын ролу өтө чоң.
⠀
Үй -бүлөнүн бекемдүүлүгү — эркектин колунда. Биринчи тепкич — жубай тандоодо жаңылбай, ыймандуу жарга үйлөнсө, ата -энеге болгон сый, балдар тарбиясы да өз ордунда болот.
⠀
Кыргызда мындай кеп бар: «Катынды башынан, баланы жашынан, ал дегени катуу кармап башынан саба деген сөз эмес. Мыкты, акылдуу эркек урбай, сөкпөй сыйлата билген эркек. Өзүн сыйлата билген эркек ошол чыныгы эркек. Ал деген кол көтөрбөйт, оозун ачпайт, тек гана кабагы менен жеткизе башкарып олтурат. Атанын «Ата! «деген сыйы ушунда жатат билгенге!
⠀
«Сый көргүң келсе — сый көрсөтүүнү өзүңдөн башта!»- дегендей үй- бүлө бактылуулугунун туу чокусу- сый урмат!
Сый -урматтын ичинде сүйүү, мээримдүүлүк, жоопкерчилик, кечиримдүүлүк, жылуу мамиле, жумшак сөздөр орун алган. Ал үчүн үйүңүздө сынбас күзгү болуңуз, сизди жубайыңыз, балдарыңыз көрүп үлгү алсын. Жогорудагы милдеттерди так аткарып, ата -эненин сый-урматын биринчи орунга коюп, дааратына суусун даярдап, керек болсо буттарын жууп, айрыкча дасторкон үстүндө дубасын алып турсаңыз, эч кандай келин -кайнене маселеси да жаралбай, үйүңүзгө Алланын ырахматы берекеси төгүлүп турат.
⠀
Экинчиден сыйыңыз- жубайыңызга болсун. Келечекте балаңыз аялын кандай сыйлоону, кызыңыз күйөөсүнө кандай мамиле кылууну, бактылуу жашоону сизден үйрөнө баштайт. Биз үйдү жыйноодо жана тартиптөөдө, бактылуулук жана кубанычтын бар экенин унуттук. Балдардын тартиптүү болуп чоңоюусу үчүн, атасы аларга сыйлык берип, үй жыйноодо апасына жардам берүүгө көндүрүүсү зарыл. Атанын бул жерде өтө чоң орду бар, анткени ал балдарына үлгү. Атанын үй жыйноосу жана тартипке келтирүүсү айып эмес. Эң жакшы инсан жана акыйкатты жакшы көрүүчү. Аллахтын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыз (С.А.В) үй-бүлөсүнө кызмат кылган, бут кийимин өзү жамаган, төөнү да өзү саап келчү.
⠀
Инсандын кадыр-баркы үй буюмдарын тазалоо менен кемибейт. Бардык жүктү аялга таштап коюу бул чоң жаңылыштык. Эркектин үй иштерине аралашуусу балдарынын жакшы тарбиялануусуна чоң таасир тийгизет.
⠀
Аллах Таалам ар бир үй -бүлөдө бактылуулук кутун өчүрбөсүн!
⠀
🧕🏼Насиба Абдуллаева.
꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂
⠀
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
⠀
📲WhatsApp:
+996 771 822 202
⠀
📲+996 778 531 798
⠀
══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG