بسم الله الرحمن الرحيم
✍🏻 Аллах Таалага чексиз -чексиз мактоолор болсун.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа ( с.а.в ) га анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына Аллахтын салават-саламдары болсун.
🤲Ассаламу алайкум урматтуу мусулман бир туугандар көпчүлүгүбүзгө белгилүү болгондой азыркы учурдагы «Каронавирус» деген оору бүтүндөй адамзатка түз таасирин тийгизип жаткан кези. Кээ бир адамдар бул оору пайда болгондон бери дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Чындыгында мусулман пенде бул учурда эмне кылышы керек?
Жана кандай амалдарга моюн сунат? Албетте бул суроолорго жоопту Курани Каримден таба алабыз. Азыр биз сиздерге Каронавируска байланыштуу 8 суроого Кур’андан жооп табууга аракет кылабыз.
Суроолор жана жооптор Курани Карим китебинен кыска кылынып берилет. Андыктан көңүл буруп окуп чыгыңыз.
📍1. Бул ооруга чалдыккандар анчейин көп деле эмес, каза болгон адамдар менен салыштырылса аз санды түзүүдө?
✅Жооп: «Эми Аллах силердин уйкуңарды жеңил кылды, силерде алсыроо бар экенин билди.» (Анфар сүр: 66-аят).
📍2.Бул оорудан сактануунун жолу санитардык гигиенанын эрежелерин сактоодо экен, биз муну кантип аткарабыз?
✅Жооп: «Дайыма бетиңерди жана колуңарды жакшылап жууганга адаттангыла! » (Маида сүр» 6-аят).
📍3. Кийимдерибиз аркылуу дагы бул оору жугушу мүмкүн экен, мындан сактануунун чечими кандай?
✅Жооп: «Дайыма кийимиңерди таза туткула!» (Муддасир сүр: 6-аят).
📍4.Зарыл болбосо деле көчөгө чыгуу жакшыбы?
✅Жооп: «Өзүңдү коркунучка салба.» (Бакара сүр: 195-аят).
📍5. Эмне үчүн көпчүлүк элдер бул оору боюнча айтылган медициналык талаптарды аткарбай жатат?
✅Жооп: «Себеби алар түшүнбөгөн элдер.» (Нашр сүр: 13-аят).
📍6) Үйдө карантинде олтуруу ишкерлерге чоң экономикалык жоготууларды алып келбейби?
✅Жооп: «Эгер силер кедейликтен корксоңор, анда билгиле жакында Аллах кааласа, Ал өзүнүн керемети менен байытат. Акыйкатта Аллах билүүчү, даанышман. (Тооба сүр: 28-аят) .
📍7.Кээ бир адамдардын пикири боюнча, Каронавирус инфекциясы душмандар тарабынан лабораторияларда иштелип чыгып жана таратылып жатат экен. Бул нерсе алардын куулук айла-амалдары болуп, бул аркылуу биз мусулмандарга зыян берүүнү максат кылган экен?
✅Жооп: «Эгер сабыр кылсаңар жана Аллахтан корксоңор, алар силерге эч кандай зыян келтире албайт. Акыйкатта Аллах алардын келе жаткан балээлеринен коргойт. (Али-Имран сүр: 120-аят).
📍8. Ким бизди акыры бул кыйынчылыктан алып чыгат?
✅Жооп: «Силерди ал балээлерден да, бардык кайгы-капалардан да Аллах өзү сактайт. »
🤗Курани Карим бул Аллахтын өз кулдарына көрсөткөн чексиз рахматы болуп, ал илахий бир мужиза болуп эсептелинет. Бул китепти окуган сайын жаңы-жаңы сырлар ачыла берет.Акыйкаттын баары ушул улуу китепте жашырылган. Ал кыйяматка чейин сакталып, адамзаттын жашоосуна туура багытты тартуулай берет. Акыл ээлери үчүн бул эскертүүлөр сабак болот…
🧕Даярдап, которгон: Махарам Муслима.
________________________________________
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
📲WhatsApp: +996 771 822 202
📲+996 700 334 493
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG
Курандан келтирген далилдер туура келбей жатат. Жок сүрөлөрдү жазып койупсуңар.
Жазылып турбайбы
Формула.кж силер акыркы кундору оюнарга келгенин далилсиз жазып баштадынар. Окшошпосо дагы окшотуп апкелип чаптап. Куранды бурмалабагыла!!!!