😍 Ата-энесин сыйлаган адамды Алла ар кандай кыйынчылыктан алып чыгат жана анын тилеги кабыл болот.
✍🏻Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи вассалам) ата-энеге жакшылык кылуу тууралуу мындай бир кызык окуяны айтып берет:
«Байыркы убакта ата-энесин өтө жакшы көргөн, аларга бир гана жакшылык каалаган, жакшы бир койчу болуптур. Күндөрдүн биринде баягы койчу жанына эки адамды алып сапарга чыгат. Үчөө жолдо келе жаткан убакытта кокусунан шамал болуп, катуу жамгыр жаайт.
Алар жамгыр менен шамалдан жашынып, ошол маңдайдагы үңкүргө киришет. Катуу тоонун үстүнөн бир чооң таш түшүп, баягы үңкүрдүн оозун жаап калат. Алар шашкалактап үңкүрдүн ичинде калып калабызбы деп катуу коркушат. Ошол кезде араларынан биринин:
«Бизди бул тоскоолдуктан тек гана изги амалдарыбызды эске алып, дуба кылуубуз гана куткара алат»,- дейт.
Ошондо койчу:
» Оо, Аллахым! Менин карыган ата-энем бар. Ар күнү кечке мен сааган сүттү балдарыма бербей, биринчи аларга беремин. Бирде кечигип келсем ата-энем уктап калыптыр. Аларды ойготуп, тынчын алгым келбеди. Курсактары ач балдарым жанымда ыйлап жатышты.
Ошондо да алып келген сүттү ата-энемен мурун бала-чакама берүүнү каалабай, сүт куюлган идишти кармаган бойдон таң атырдым. Эрте менен ата-энем ойгонгон соң алды аларга бердим.
Оо, Аллахым! Эгер ушуну Сенин ыраазылыгың үчүн кылган болсом, бизди мына жагдайдан куткара көр»,- деп дуба кылат. Ошол кезде таш бир аз ордунан жылат. Андан кийин калган эки жигит да өмүрдө жасаган изги амалдарын айтып, Алладан жардам сурайт. Акырында таш бир жолу жылып ачылып , үч жигит үңкүр ичинен аман-эсен чыгып кетишет. (Хадисти Имам Бухарий менен Имам Муслим риваят кылган).
🧕🏻Даярдаган: Алина Муслима.
⠀
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG