«Күндөрдүн биринде өзүмө өзүм:
«Чындап эле Аллах сени сүйөбү?» деп суроо бердим.
Анан ойлоп көрсөм Аллах таала пенделерине болгон махабатынын себептерин Өзүнүн китебинде айтыптыр.
Суроомо жооп табуу үчүн Куранды барактай баштадым. Карасам анда:
«Такваалууларды сүйөт», деген аят чыкты. Өзүмдү такваалуулардан деп эсептөөгө батына албадым.
Соң: «Сабыр кылуучуларды сүйөт», деген аятты таптым. Өзүмдө сабырдын жетишсиздигин эске алдым. Андан кийин: «Жакшылык кылуучуларды сүйөт», деген аятка көзүм түштү. Мындан ары барактоону токтоттум.
Анткени, Аллахтын мени сүйүүсүнө себеп болуучу бир нерсе таба албастыгымдан чочудум.
Жасаган амалдарымды бир сыйра көзүмдүн алдынан өткөрүп, текшере баштадым. Карасам амалдарымдын көбү сустук, кемчилик жана күнөөлөргө аралашып кеткенин билдим.
Ошондо Аллахтын «Аныгында Аллах таала тообо кылуучуларды сүйөт», деген сөзү эсиме түштү.
Мына эми ушул аят мен жана мен сыяктуу күнөөкөрлөргө таандык экенин түшүндүм.
Анан чын дилден Аллах мени да сүйсүн деген максатта
«Астагфируллохал ъазийм ва атуубу илайх — Улуу Аллахтан күнөөлөрүмдү кечирүүсүн сураймын»,
деп шыбырай баштадым.