Кайсы бир убакта Италиянын королу эң мыкты сүрөтчүнү чакырып шаардагы сыйынуучу жерге периште менен шайтан экөөнүн тең образы түшүрүлгөн сүрөт тартасың деп буйрук бериптир.
Сүрөтчү периштенин образын көпкө издеп акырында бактылуу балакайды табат, ата-энесине акысын төлөп, сүрөткө тартып баштайт. Бир айдан соң сүрөт даяр болуп, сүрөтчүнүн эң мыкты эмгеги деп бааланып,сыйлыкка татыйт.
Сүрөтчү эми шайтандын образын жаратууну ойлоп шаардагы эң жагымсыз жайлардан, түрмөлөрдөн, жиндиканалардан издей баштайт, бирок издегенин эч эле таппайт. Арадан кырк жыл өтүп кетет.
Король шайтандын образын тапкыча кокустан сүрөтчү көз жумуп кетпесин деп ойлоп кимдин жүзү коркунучтуу, түрү суук болсо, мейли ошону тартсын деп жарыялайт.
Бир күнү сүрөтчү пивоканадан ичип мас болгон, жүдөгөн, чачтары кулагынын үстүндө бирин серин калган, тиштери түшкөн, ырсайган арык, шайтандын кебетесиндей жагымсыз кишини көрөт. Сөгүнчөөк, орой мас кишиге акысына көп акча төлөп берүүнү макулдашып, сүрөткө тартылып берүүсүн суранат.
Бир күнү сүрөтчү тиги кишинин жаагы ылдый жаш куюлуп атканын көрөт.
–Сиз тамеки чеккиңиз келдиби же арак ичесизби?-деп сурайт.
-Жок, мырза, Сиз мени кырк жыл мурун периштедей кылып сүрөткө тарттыңыз эле, эми болсо кайра шайтандай кылып тартып атасыз, Мен ошого өкүнүп атам…
Жылдар мени ушундай кылып өзгөрттү- деп ыйлап жиберет.
Сүрөтчү уккан кулагына ишенбей Периштенин сүрөтүнүн алдында аны менен кошо ыйлай баштайт…
Кудай баарыбызды периштедей жаратат, бирок кылган ишибизден, жүрүм-турумубуздан, ниетибизден, сөзүбүздөн жаңылып, башка жакка өзгөрөбүз.
Бизде — Бири Жакшылыкка, бири Жамандыкка алып барчу эки жолубуз бар. Ички дүйнөбүздү,жан дуйнөбүздү булгануудан, бузулуудан сактап, таза бололу!