Борбордук Азиянын чыгаан аалымы Ахмед Яссавинин «Дивани Хикмат» китеби чагатай тилинен кыргыз тилине ушул жылы которулуп, 6-июнь күнү Ош шаарында ачылуу аземи болуп өттү. Кылымдарды карыткан баалуу эмгекти Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, элибиздин көрүнүктүү дин аалымы, сопучулукту жана поэзияны терең түшүнгөн Устаз Молдо Сабыр Досбол уулу жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, доцент Ниязали Ариповдор которушту. Китепти басып чыгарууга Казакстандагы «Ахмед Яассавий» атындагы эл аралык казак-түрк университети жана Түркиянын Диянет фонду демөөрчүлүк кылышкан.
Устазыбыз Молдо Сабыр Досбол уулу Дивани Хикматтын мазмуну боюнча кеңири маалымат берди. Аземдин аягында ректор Каныбек Абдуваситович абдан баалуу эмгекти которуп кыргыз окурмандарына тартуу кылгандыгы, руханий дөөлөттөрдүн өнүгүүсүнө салым кошкондугу жана өлкөнүн эң ири окуу жайы саналган ОшМУ менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн кыргыз аалымдарынын көч башында турган устазыбыз Молдо Сабыр Досбол уулун ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйлады.
Ошондой эле Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев диний агартуу жаатындагы опол тоодой эмгеги үчүн устаз Молдо Сабыр Досбол уулуна, доцент Ниязали ажы Ариповго жана китептин редакторлугуна жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүү жаатында кызмат кылган ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Абдулмежит Ислам уулуна Ош шаардык казыятынын ыраазычылык барагын тапшырды.