alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
ВидеоМакалаларМедиаФото

«Тагдыр бизди табыштырды»: Карылар үйүндө баш кошкон түгөйлөр.

Карылар үйү деген кеп козголду дегиче оор үшкүрүк тарткан, таяк таянып жол карап, жакынын күткөн карылардын элеси, үмүтсүз көздөр көз алдыңа тартылат. Анткени анда «түрткүнчүк» мамилеге дуушар болуп, акырында карылар үйүнө жетеленген тагдырлар миңдеп саналат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы карылар баш калкалоочу жайда жашоого үмүт артып, сүйүп, сүйүктүү болуп, бири-бирине жөлөк болуп бирге түтүн булатып жаткан түгөйлөрдүн жашоосу менен таанышты. Наристелүү боло алышпаса дагы бири-бири менен кобурашып, бирге болушканы алар үчүн бакыт.

Сузак районуна караштуу Октябрь айылында улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемеси жайгашкан. Анда азыркы тапта 102 адам жашайт. Бул жайда тагдыр табыштырып, бир бүлөгө айланган 8 түгөй жашайт. Алардын алды 26 жыл бирге түтүн булатышкан.

«Тоготпогондугу үчүн ыйладым. Майрамдагы эң чоң белегибиз уюлдук телефон…»

Дал ушул стационардык мекемеде табышкан 52 жаштагы Нышанбү Козубаева менен Абдразак Абдракмановдун үй-бүлө курганына 10 жыл болду. Экинчи топтогу майып түгөйлөр 6 ай сүйлөшкөндөн кийин бирге түтүн булатуу чечимин кабыл алышып, мекеме жетекчисине билдиришкен. Алардын чечими колдоо таап, биринчи кабаттан атайын бир бөлмө бөлүнүп, бир аз да болсо шарт түзүлгөн. Нышанбү айым өз алдынча баса албаганына карабастан керебетинде колу менен ары-бери жылганча бөлмөсүндөгү гүлдөрүнө суу куюп, идиш-аяктарын жыйноого аракеттенет. Колу бош болгондо байпак токуп кирет. Ал жолдошун капа кылуудан коркот жана ал үчүн бар күчүн жумшап турат.

«Мен карылар үйүнө келгениме 15 жыл болуп калды. Кээде «ата-энем тирүү болгондо бул жерге келбей калат белем» деген ойлор болот. Туугандарым бар, баары өз жашоосу менен алек, ал-абалымды сурап турушат. Жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга жакында он жыл болот. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, жашыбыз туура келип калгандыктан үй-бүлө курдук. Жолдошумдун айылдагы достору келишип, акчалай колдоо көрсөтүп кетишти эле анын жарымына мага уюлдук телефон алып берди. Мен дагы анын май айындагы туулган күнүндө жөнөкөй телефон белекке бердим. Ага дагы интернетке кирген телефон алып берейин дейм, колу жакшы кыймылдабагандыктан алган жокпуз. Буга чейин туулган күнүмдө сыналгы алып берген. Туулган күндөрүбүздө, майрамдарда бири-бирибизге белек берип турабыз. Биздин эң чоң белек ушул уюлдук телефон болду.

Күйөөңдү сыйласаң кудайга дагы жагасың дейт. Өзүм капа болсом дагы күйөөмдү капа кылгым келбейт. Буту жылуу болсун деп байпактарды токуп берем. Токуган байпагымды сатып алгандар да бар. Бул ишим мага өтө пайдалуу, анткени колума кыймыл болот. Бардык үй-бүлөдө эле казан-аяк кагышат да. Экөөбүз таарыныша кетсек, бири-бирибизге сүйлөбөй калабыз. Бирок таарынычыбыз жарым саатка эле созулат», — дейт ал.
Ал эми жолдошу Абдразак мырзанын айтымында, жубайы Нышанбү башында ага маани берчү эмес. Карабай кетип калган күндөрүндө ыйлаган учуру да болгонун жашырган жок.

«Башында жубайым 2-кабатта, мен 1-кабатта турчумун. Ал эркин баса алчу, мен майып арабада болчумун. Биринчи көргөндө эле сырткы көрүнүшү жаккан, экөөбүздүн мамилебиз да туура келген. Бирок ал башында тоготпой кетип калганда ыйлаган күндөрүм да болду. Шүгүр, азыр бири-бирибизди капа кылбай, сыйлап жашап жатабыз. Бизге шарт түзүп берген жетекчиге, дайыма ден соолугубузду карап турган дарыгерлерге, кызматкерлерге рахмат. Бөлмөбүздү дайым тазалап турушат», — дейт ал.

«Шоколад, балмуздак алып берип жүрүп араң жообун алгам»

44 жаштагы Алмаз Таштанбеков Ош облусунун Кара-Суу районунан оорусунун айынан бул жайга өз каалоосу менен келген. Сыркоолоп төшөктө жатып калгандыктан атасынын бир тууган агасынын кароосунда болгон. Ал өзү буга карабастан карылар үйүн тандаган.

«Оор абалга учураганымда атамдын бир тууган агасы карап жүрдү. Интернеттен ушул жайды окуп калып барам дедим. Агам «барбайсың, өзүм багам, эл эмне дейт?» деп караманча каршы болуп жүрдү. Туугандарыма жүк болгум келбегендиктен көшөрүп отуруп, 2017-жылдын 14-сентябрында ушул жерге келгем. Башында ыңгайсыздык болгону менен бат эле көнүп кеттим», — дейт ал.


Станционардык мекемеде жашоосун уланткан каарманыбыз Баткенден келген 30 жаштагы Лола Момунованы жактырып калган. Бул айым да башында анын сунушун кабыл алган да, жактырган дагы эмес.

«Мага Лоланын токтоо, оор басырыктуу мүнөзү жагып калды. Бирок ал мени алгач жактырган жок. Балмуздак, шоколад сыяктуу шириндиктерди алып келип жүрүп, жообун алдым. Көп жолу үйлөнүүнү сунуштап жүрүп, акыры көндүрдүм. Лола биз табышкан жайга менден үч күн мурун эле келген экен. Бул окшоштук да бизди табыштырса керек. Баш кошконубузга 2 жыл болуп калды», — дейт Алмаз Таштанбеков.

«Тагдырлаш болгонубуздан бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз»

Үчүнчү түгөй — Алмазбек Абдразаков менен Мээрим Эргешова 1,5 жыл жакшы мамиледе жүрүшүп, анан нике кыйдырышкан. Алмазбек 2014-жылы февраль айында келген. Кезегинде өзү теңдүү балдар менен кошо ойноп эле чоңойгон. 1991-жылы пайда болгон оорудан улам 2002-жылы майыптык арабага отуруп калган.


«Бутум шишип, суу алдыргандан кийин абалым оорлошуп кетти. Мектепке 5-класска чейин бардым. Үйүбүз мектептен алыс болгондуктан өйдө-ылдыйда кыйналып, андан ары билим алууга деле шарт болгон жок. Балалыгым оору менен эле өтүп кетти. Майыптык арабага байлангандан кийин 2014-жылы февраль айында ушул жерге келдим. Арабада отурганды алты саны аман аялдар көп эле түшүнө бербейт. Ушул жайдан бири-бирибизди түшүнө алган Мээримди жолуктурдум. Тагдыр бизди табыштырды десем болот. 1,5 жыл жакшы мамиледе болуп, сүйлөшүп жүрдүк. Анан мен үйлөнүү сунушун киргиздим. Мээримдин токтоолугу жагат. Ал көп адамдарга ачыла бербейт, көңүлү сүйгөн адамдарга гана сүйлөшү мүмкүн. Азыр жашообуз жакшы. Мээрим 3-баласын төрөгөндөн кийин белиндеги чуркудан (грыжа) улам баспай калган», — дейт А.Абдразаков.


Сузактагы улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин жетекчиси Майраш Узакбаеванын айтымында, үй-бүлө күткүсү келгендер кезегинде арбын болгон. Бирок бирге жашагандарына аз болбой, тескери карагандар көп болгондуктан, алар талдап туруп баш кошууга макулдук берип калышты.

«Бир убакта бир бөлмөдө жашайлычы дегендер көбөйдү эле. Андай жагдайлардын баары жоюлду. Биз баш кошо тургандар жашап кете алабы? Бири-бирине мүнөздөрү туура келеби деп, алардын жагдайларын карайбыз. Атайын бөлмө бөлүп, ичине шарт түзүүгө аракет кылабыз. Өздөрү алып келген буюмдарды колдонууга уруксат беребиз», — дейт карылар үйүнүн жетекчиси.
Карылар үйү катары саналган жай 1959-жылдан бери иштеп келет.

Булак
"Турмуш"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button