*Ыймандуу адам үч учурда сабыр кылуусу зарыл:*
1. Аллахка ибаадат кылууда.
Мисалы: (Эртең менен жылуу төшөктөн туруп, даарат алып намаз окууда. Ысык узун күндөрдө орозо кармоодо ж.б.у.с.)
2. Аллах тыюу салган күнөө иштерден тыйылууда. Мисалы: (Арам, жеңил жолдор менен тамак табуудан. Аялдар менен ойноштук кылуудан ж.б.у.с.)
3. Аллахтын жазган тагдырына сабыр кылуу. Мисалы: (Жакын адамынан ажыроодо. Ооруп калууда. Ырыскысынын тар болуусуна ж.б.у.с.)
Мына ушул үч учурда сабыр кыла алган адам чыныгы сабырдуу адам болуп эсептелет. Аллах Таала Кураанда : «Оо, ыймандуулар! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Чындыгында, Аллах, сабырдуулар менен бирге. Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды «өлүктөр» деп айтпагыла. Андай эмес, алар тирүү. Бирок, силер муну сезбейсиңер. Чындыгында, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз. (Аллах Таала тарабынан) бир кырсык жеткенде: «баардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз» деген адамдарга…Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр». (Бакара. 153-156-аяттар).
Демек, Аллахтын ар бир сыноосуна сабырдуулук менен жооп берген адамдарга Аллахтын ырайымы болот. Экинчи бир аятта Аллах Таала : «Саабырдуулардын сыйлыгын эсепсиз кылып беремин» – деп убада кылган. Анткени сабырдуулук, ыймандуулуктун белгиси. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Ыйман эки бөлүктөн турат: сабыр жана шүгүр» – деп айткан. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан:
– «Силер ыймандуусуңарбы? – деп сурап калат. Сахабалар унчукпай калышканда, Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга карап:
– Ооба. Оо, Аллахтын элчиси, биз ыймандуубуз – деп жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ыйманыңардын белгиси эмне» – деп сурайт. Сахабалар кайрадан унчукпай калышканда, Умар: (Аллах андан ыраазы болсун)
– Оо, Аллахтын элчиси. Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылабыз, кыйынчылыктарына сабыр кылабыз жана тагдырына ыраазы болобуз – деп жооп берет. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Каабанын Роббусуна ант ичем, силер ыймандуусуңар»
– дейт. Демек ыймандын толук болуусу үчүн сабырдуулук өтө зарыл. Ыйманга байланышкан дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Сабырдуулук ыймандын башы» – деп айткан. Башы жок адамды элестете албаган сыяктуу эле, сабырдуулуксуз ыйманды элестетүүгө болбойт. Сабырдуулук, адамды бул жашоодо да акырет жашоосунда да бактылуулукка гана алып барат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Пенде кабырга коюлуп, андан сурак алуу үчүн периштелер келген кезде, ал адамдын окуп жүргөн Курааны баш тарабынан келип колдоо сурайт. Периштелер оң тарабына келишсе, оң тарабынан окуган намазы колдоо сурайт. Сол тарабына келишсе, кармаган орозосу колдоо сурайт. Бут тарабына келишсе, башка жакшы амалдары колдоо сурайт. Ал эми сабырдуулугу үчүн берилген сыйлыгы кыяматка чейин бирге болуп, пенде бейишке киргенде гана андан ажырайт» – деп айтылган. Демек адамдын бейишке кирүүсүнө сабырдуулуктун себеби өтө чоң. Ошол себептен Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Сабырдуулук-бул бейиштин кендеринин бири» – деп айткан.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG