Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер

ДЕН -СООЛУК ТАБЫЛГЫС БАЙЛЫК!

Адам бул жашоого жаралган соң, ар кандай каалоо- максат менен жашайт. Эң чоң максаты (каалоосу)- бактылуу жашоо! Бактылуулук! Бирок, көбү бактылуулуктун (бакыт) эмне экенин аңдай беришпейт. Биринчи бактылуу болуу үчүн эмне кылуу керек? Биз атайын <Бактылуулук формуласын> түзүп алсак.. Бул формуланы түзүү үчүн эң биринчи кайсы элемент керек жана маанилүү?
Албетте, ыйман жана ден соолук (элементи)! Албетте, биринчи жүрөктө ыйман болуусу- эң чоң бактылуулукка карай кадам жана формуланын маанилүү элементи. Эмнеге ден соолук элементи да маанилүү? Анткени, ден соолугуңуз болбосо эмне иштерди кыла аласыз? Эмнеге жетише аласыз? Эң мыкты деңгээлде ибаадат кылуу үчүн да ден соолук керек.. Жашоо үчүн да, үй-бүлөөнү багуу үчүн да жана башка бардык нерсе үчүн ден соолук керек! Кээ бир учурда ден соолугу чың болуп туруп, кедей жашаган адам да өзүн бактылуу сезет! Эмнеге? Эртең азыгы түгөнсө дагы эмгектенип, азык-оокат таап келет. А бирөө чириген бай болсо да, ден соолугу болбосо ал бактысыз. Анткени, анын тапкан дүнүйөсүнүн баары ден соолугуна кетет. Берекесин көрбөйт!
Олжас Сулейманов айткандай, бутуңдагы ботинкең бутуңду кысып турса, кең дүйнөнүн кеңдигинен не кажет.

“Ден -соолук табылгыс байлык,сатып алгыс бакыт, түгөнбөс кенч, кайсы бир адамдын ден соолугу чың болсо- ал бактылуу”- деп айтсам анда мындай суроо баарында эле туулушу мүмкүн? Ден -соолугу чың баар жогу бүтүн бирок көчөдө бомж,базарда тилемчи,үй -бүлөсүндө тынчтык жок,башы кыйынчылыктан чыкпаган,кедейлик,жакырчылыкта жашаган инсандарды караап анда алар эмне үчүн бактылуу эмес деп айтууңуз мүмкүн э .. ден -соолугу чың болсо эле бактылуу инсандар толуп кетмек да депчи. Ооба өкүнчтүүсү жашоодо мындайлар толо болгону ден -соолук кадырына жетпей бактылуулук эшиктеринин ачыкычтарын кайда экенин издебей жатабыз.
Хадистерде келгендей:

«Азга шүгүр кылбаган адам, көпкө да шүгүр кылбайт» – деп айткан. (Ибн Маажа)…

«Адамдарга шүкүр кылбаган пенде, Аллахка да шүкүр кылбайт» – деген. (Абу Дауд).

Демек Аллахтын берген эсепсиз нематтарына шүкүр кылганды билбей жатабыз. Эгер билсеңиз ден -соолуктун канчалык улуу немат экенин билгениңизде эле башыңыздан баштап бутуңуздун учуна чейин эсептеп көрүңчү, эсебине жете албайсыз. Аллах Таалам канчалык кооз,канчалык татаал,канчалык сырдуу дене -мүчөңүздү жаратып койгон адамзат бул сырды чечүүгө акылы да жетпейт. Ушундай улуук наматта жашап жаткан экенсиз сиз дүйнөдөгү эң бактылуу инсансыз,аны билбей нашкүрчүлүк кылган болбоңуз..
.
“Оору кадырын ооруп өксүгөн жан билет, жашоо кадырын кыйналып жашган жан билет “. . .

“Колдо бар алтындын кадыры жок “деген сыяктуу ден- соолугубуз бар туруп шүкүр кылбай, анын кадырына жетпей келебиз.
Эки колуң, тилиң, оозуң, эки колуң, эки бутуң бар.

«Эми, Роббиңердин кайсы нематын жалганга чыгара аласыңар?! »(55:13).

Аллах Таала айткан: «Силер Мени эстегиле Мен силерди эстеймин. Мага шүгүр кылгыла, каапыр болбогула». (Бакара, 152-аят)…

Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң!” дейсиң.
Анри БЕК:
“Убакыт менен ден соолук көрүнбөгөн бакыт “деп бекеринен айтылбаптыр.
Эгер билсек ден соолук деген:

Ден -соолук -бактылуулук эшиктеринин ачкычы,жашоонун кооздугу,өмүрдүн балуулугу…

Ден -соолук -ийгилик тепкичтерине чыгууга сөйөнүч, жетүүгө күч -кубат ..

Ден -соолук -амалдардын ырахаты,бул дүйнө,аркы дүйнө бейишине жетүүчү жолдомо..

Анткени ден -соолугуң чың үчүн сен бизнесменсиң,илимдүүсүң,сүйгөн кесибиңдин ээсисиң ,деги эле турмушта сүйүктүү жолдошу -жубайсың,балдарыңдын атасы, апасысың,ата -энеңдин сүйүктүү уулу же кызысың. Сенде ушулар бар экен Аллахка шүкүр келтир бир тууганым!

“Биринчи байлык ден соолук,экинчи байлык ак жоолук,үчүнчү байлык бар соолук “-дегендей ден соолук баа жетпеген жалгызгана асыл дүйнө. Аны сактоо,абайлоо ар бир инсандын өз колунда. Ар ким ден соолугунун начарлоосуна өзү күнөөлү. Ден -соолук адам өмүрүндөгү эң жогору баалуу дүнйө болгондуктан,ар бир адам баласы көңүл буруу кажет,аны орунсуз ысарап кылбоо керек.

“Оору келбестен мурда ден- соолугуң жөнүндө ойлон” (хадис). .

Пайгамбарыбыз (с. а. в. ) айтып өткөндөй:
“Мусулман пендеси эки нерсенин кадырына жетпейт. Биринчиси-Убакыт. Экинчиси-Ден- соолук”..

Ден-соолук кадырына жетүү, аны сактоо да өзүбүздөн.
“Сактанганды Кудай сактаптыр “деген макал бекеринен айтылган эмес. Өзүңө кароо, таза жүрүү, сууктардан этият болуу, убагында тамктануу, убагында уктоо булар биздин ден- соолукка кам көрүүбүз, өзүбүздү ар кандай оорулардан сактап алдын алганга жардам берет.

Аллах Таала пендесине эмне пайдалуу болсо аны буйруп, ар дайым аткаруусун буйруган. А эмне зыян болсо, ошол нерселерден тыйган. Аллахтын бизге буйруган дагы бир нээматы- намаз. Намаздын эле ден-соолукка канчалык пайда экенине көңүл буруңуз:

1- Намазда аткарылган аракеттер жай болгондуктан, жүрөктү чарчатпайт жана күндүн ар кандай саатында болгондуктан, адам баласын дайыма сергек кармайт.

2- Күндө башын сексен жолу жерге койгон адамдын мээсине ритмикалык түрдө көп кан барат. Бул себептен улам мээ клеткалары жакшы азыктанат жана склероз, психоз сыяктуу оорулар намаз окуган адамдарда өтө аз кездешет. Алар өмүрү боюнча көп оорушпайт. Медицинада «Деманс сенил» деп аталган ооруга чалдыгышпайт.

3- Намаз окугандардын көздөрү туруктуу тартипте ийилип-түздөлүүдөн улам күчтүү кан айланууга ээ болот. Ошондуктан, көздүн ичинде кан басымы көтөрүлбөйт жана көздүн алдыңкы бөлүгүндөгү суюктуктун үзгүлтүксүз алмашуусу камсыздалат. Көздү «катаракт» же болбосо «кара суу» деген оорулардан сактайт.

4- Намаз учурунда аткарылган изометрикалык кыймыл – аракеттер ашказандагы азыктардын жакшы сиңишине, өттүн оңой агуусуна жана ушундан улам, өттө таштын пайда болбоосунда, панкреастагы ферменттердин оңой чыгышында чоң роль ойнойт. Бөйрөк менен түтүктөрүндөгү кыймылдан улам таш пайда болуусунун алдын алат жана табарсыктын бошошуна жардам берет.

5- Беш маал окулган намаздагы ритмикалык аракеттер күнүмдүк жашоодо машыктырылбаган булчуң менен муундарды кыймылга келтирип, артрит жана туз биригүү сыяктуу муун ооруларынын жана булчуң тырышууларынын алдын алат.

6- Ден-соолук үчүн албетте тазалык керек. Даарат менен гусул материалдык жана моралдык тазалык болуп эсептелет. Ал эми, намаз тазалыктын дал өзү. Анткени, адамда дене жана рухий тазалык болмоюнча намаз болбойт. Даарат менен гусул дененин тазалыгын камсыздайт. Ибадат милдетин орундаткан адам моралдык жактан жеңилдеп, тазаланган болот.

Бул намаздын гана пайдасы а динибиздеги бардык буйрулган амалдарын пайдасы адамдардын бир ден соолугуна эмес жашоосунда көптөгөн жакшылыктарга жетүүсүнө себеп болот.

Ден -соолук чыңында амалдардын канчалык ырахат менен аткаруулусу,Аллах алдында канчалык соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүгүн билгениңде эле?! Окуган намазыңа,Кураныңа эле карачы баарын өз ордунда аткарып,ырахат менен окуйсуң, Ошон үчүн жашмын анан окуймун,кыламын дегенден алыс бол. Элүү, алтымышка чыгасыңбы жокбу Аллах билет. Жеткен чакта да амалдарың жарты болот,тик турган белиң бүгүлүп,олтуруп турган буттарың ооруп,орозо кармаганга ашказаның күчсүз,куран окууганга көздөрүң тунарып ,кыскасы көөп жакшылыктардан кур каласың. Ошондуктан жаштыкта күчтүн, ден соолуктун барында жакшы амалдарды аткарып,бул дүйнө бейишин эле эмес аркы дүйнө бейишине да жетишип ал….

Бактылуулуктун эң башкы зарылчылыктары – ден соолуктуу эл, ден соолуктуу үй-бүлө, ден соолуктуу жаштар, ден соолуктуу өспүрүмдөр, ден соолуктуу балалык, ден соолуктуу жашоо ар бир инсандын табылгыс байлыгы…

Нуриза Кармышакова.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close