Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”- деп буйруган. (Муслим, 1081).
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.
Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.