✍🏻Истигфар кылуу «Астагфируллоох” деп айтуу болуп саналат. Тообо бул — харам болгон бир ишти, билип — билбей кылган күнөлөрүнө катуу өкүнүп, Аллаху тааладан коркуу, кайра ал кылган ишти кылбоого ниеттенүү, чечим чыгаруу.
📍Хадиси шарифтерде айтылды:
«Күндө 70 жолу истигфар кылгандын 700 күнөөсү кечирилет.” [Байхаки]
«Истигфарды улантканды Аллаху таала дарттардан, кыйынчылыктардан куткарат. Күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Насаи]
«Бир момун күнөө кылганда периште үч саат күтөт, эгер ал момун истигфар кылса ал күнөөнү жазбайт.” [Хаким]
Сиз үчүн тилиңизге айтууга эң жеңил, таразада салмактуу олтуруп да , жатып да, басып да айтасаңыз болот:
– Аллахумма-гфир ли –
Мааниси: «О Аллах, мени кечир.»
– Астагфиру-Ллах.
Мааниси: «Аллахтан кечирим сурайм» деп которулат.
📍Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам жана салаваттары болсун) сунуштаган кечирим суроо дубасы бар:
«Астагфиру-Ллаха-ллязи ля иляха илля хуа-ль-Хаййа-ль-Каййума ва атубу иляй-хи.»
📍Мааниси: Жалгыз, Түбөлүк, Аллахтан гана кечирим сураймын жана Ага гана тобо келтиремин.
«Аллахумма анти рабби, Ля илляха илля анта, халактани ва ана абдука, ва ана аля ахдика ва вадика мастатату, аузу бика мин шарри ма санату абуу ляка дини матика аляййа ва абуу бизамби вагфирли ваиннаху ла ягфиру ассунуба илля анта».»
📍Мааниси: “О, Жаратканым, Сен менин Жаратуучумсуң, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок. Мен сенин кулуңмун, Сага гана ишенип, Өзүңө гана баш ийемин. Мен Сенин айкөлдүгүңдү ар дайым сезем. Өзүмдүн күнөө кетиргенимди мойнума алам. Мени кечирчи, Аллахым, анткени кечире турчу сенден башка зат жок.
Күнөөлөрүңдүн кечирилишин суроо Аллах Тааланын кечириминен башка дагы көптөгөн жакшылыктарына жол ачат. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айткан хадисте:
“Ким ар дайым Аллахтан кечирим сураса, Аллах ага түрдүү оор кырдаалдардан чыгуу жолдорун көрсөтүп, кайгыларын жеңилдетип жана ал күтпөгөн жактан ага ырыскы жиберет”.
Жаратканыбыз чексиз Мээримдүүлүгү, Боорукерлиги менен күнөөлөрүбүздү кечирип, туура жолдо жүргөндөрдөн кылсын!