Бул тууралуу Өзбекстандын Ички Иштер министрлиги маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттери аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө буга чейин «Хизб-ут-Тахрирдин» катарында жүргөнү үчүн абак жазасын өтөгөн бир нече жарандар ачыкка чыккан.
Алар интернет аркылуу экстремисттик идеяларды жайылтып, аудио-видео материалдарды тараткан.
Маалыматта кылмыштуу топтун лидери кыргыз жараны экени айтылды:
«Кармалган жарандардын кылмыштуу аракеттери учурда Польшада жашырынып жүргөн «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун идеологиялык лидерлеринин бири, Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы мусулмандардын радикалдашуусуна жана криминалдашуусуна себепкер болуп жаткан Кыргызстандын жараны Холдаров Махмуджон Абдумаликович башкарган. Ал Махмуд Абдулмомун деген ат менен белгилүү жана кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүрөт»
Ошондой эле жарандарды мындай радикалдуу агымдардан сак болууга чакырган:
«Урматтуу жарандар, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын интернет аркылуу чет өлкөлөрдөгү исламдын атын жамынган үгүтчүлөрдүн таасирине кирип, кылмышкер болуп кетүүсүнө жол бербеңиз!»,-дейт маалыматта.
Үй-бүлөңүзгө кам көрүңүз!