Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров район тургундарын жаңырган Рамазан айы менен куттуктап, орозонун пазилеттери жана артыкчылыктары, зекет жана садака-фитирдин өлчөмдөрү боюнча кеңири маалымат берди.
«Баарыңыздарды он бир айдын султаны болгон Ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын! Жараткан Алла Таалам үй-бүлөңүздөргө бекем ыйман, ден-соолук берсин. Бири-бири менен мамилеси жакшы эмес инсандар Рамазан айынын урматына жарашып, бири-бирин кечирүүгө, тууган-урук жана колу-коңшулар менен мамилелерди жакшыртууга чакырам», — деди Акжол ажы Бакиров.
Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген зекет жана садака-фитирдин өлчөмдөрү боюнча районго караштуу бардык мечиттерде маалымат берилди.
Your point of view caught my eye and was very interesting. Thanks. I have a question for you.