Талас шаарындагы «Атай Огомбаев» атындагы балдар музыкалык мектебинде «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышында атайын семинар өтүп, иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил Асылбеков, «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариэл ажы Абжалбеков, Бишкек шаарынын Октябрь районунун баш имам-хатиби Мухаммад ажы Анаркулов, «Расул Акрам» ислам институтунун мугалими Абдыкалык кары Эшматов жана Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев катышышты.
Иш-чара алгач ыйык Куранды окуу менен башталып, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышындагы семинардын маанисине токтолду.
««Эне» — деген ким? 3 тамгадан турган сөз өзүнө канчалаган кереметти камтып турат. Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң асыл зат. Эне – тарбиянын, ыймандын башаты. Ал – үй-бүлөнүн куту, үйдүн жанып турган жылдызы, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнөсү назик жан. Энени урматтап, сыйлай билүү – биздин ыйык милдет»,-деди облус казысы.
Саамалыктын алкагында дин аалымдары аялзатынын коомдогу орду туурасында баяндамаларын жасашып, кеп-кеңештери менен бөлүшүштү. Семинар суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар мындай иш-чаралардын өтүүсү маанилүү экендигин айтышты.
Ал эми Талас шаарынын борбордук «Аал Аль Байт» мечитинде эркектер үчүн «Мазхабдын манилүүлүгү» туурасында баяндамалар жасалып, ислам дининин баалуулуктары түшүндүрүлдү.