Бүгүн, 15-июль күнү Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда мечиттердин санитардык абалдары, кызматтык жоопкерчилик жана калк арасында COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.
Муну менен катар жыйында Курман айт майрамына карата даярдыктарды көрүү, мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо, жарандарга ден соолук аманат экендигин түшүндүрүү керектиги айтылды.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев, санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун өкүлдөрү катышты.
Good day! Do you know if they make any plugins
to help with SEO? I’m trying to get my site to rank for some targeted
keywords but I’m not seeing very good results.
If you know of any please share. Kudos! You can read similar art here: Wool product