Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Сауд Араб Падышалыгынын (САП) Ажылык жана Умра министрлигинен ажылык сапары боюнча расмий билдирүү ала электигине байланыштуу САПтын жарыялаган маалыматына таянып, 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан, алдын ала COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат.
COVID-19 илдетине каршы САПтын Саламаттык Сактоо министрлиги тарабынан бекиткен эмдөө дарылардын тизмеси:
• Пфайзер-Бионтек (Pfizer-BioNTech)
• Модерна (Moderna)
• Оксфорд- Астразенека (Oxford-Astrazeneca)
• Джансен (Janssen)