Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу аалымдарды эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Кубанычбек Абдурахманов, шаардык кенештин торагасы Жыргал Калматов, баш имам-хатиб Мукаддас ажы Кожониязов, Адеп-Башаты диний уюмунун Кызыл-Кыя шаарындагы жетекчиси Төлөнбек Марсбек уулу жана мекемелердин кызматкерлери, жалпы мечит имамдары, дин аалымдарынын жакындары катышты.
Саамалыктын алкагында ислам динине эмгеги менен салым кошкон дин аалымдарынын рухтарына багышталып Куран окулуп, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсү үчүн бата кылынды.