Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын «Эркин» мечитинин имамы Турдубаев Асилбектин демилгеси менен аталган айылдын тургуну, ата-энеси жок 4-класстын окуучусу Алижанов Азаматка жаңы окуу жылына карата мектеп формасы жана окуу куралдары сатып алынып берилди.
«Пайгамбарыбыз жетим балдардын башын сылагыла деген. Хадистен багар-көрөрү жок балдарга мээрим төккүлө, камкордукка алгыла деген насаатты түшүнөбүз. Биз дагы 1-сентябрга карата Азаматка мектепке кие турган жаңы кийим-кече жана окуу куралдарын алып бердик», – деп билдирди мечит имамы.