alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кара-Сууда имамдын демилгеси менен аз камсыз болгондорго мектеп формалары берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Сармазар мечитинде 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө жана көз карандысыздыктын 30 жылдыгына, ошондой эле 1-сентябрь – Билим күнүнө карата аз камсыз болгон,  мүмкүнчүлүгү  чектелген үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга жардамдар берилди.

Мечит имамынын демилгеси менен уюштурулган кайрымдуулуктун алкагында жалпысынан 30 үй-бүлөнүн 50 бала мектеп формалары менен камсыздалды.

Балдардын билим алуусуна көңүл буруу жана шарт түзүү өтө зарыл маселелердин бири. Эгемендик күнүнө карата, ошондой эле келе жаткан жаңы окуу жылын утурлай жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди. Алардын катарында беш балалуу көзү азиз кишинин үй-бүлөсү да бар. Жаш өспүрүмдөрдү кубанткан жамаатыбыздан Алла ыраазы болсун”, – деди мечит имамы Нишанов Рахимжан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button