Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети казинонун ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.
Эске салсак, документти талкуулоо жабык эшик артында өткөн. Министрлер кабинетинин сунушу боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды. Эми ал парламенттин жыйынына чыгарылат. Документти депутаттар да колдосо, анда президент жакын арада кол коюшу мүмкүн.