Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана minbarmedia ютуп каналы «Пайгамбарыбызга (САВ) салават айтуу» конкурсун жарыялайт. Конкурс пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айынын урматына карата уюштурулууда.
СИЗ:
Аллахумма салли ‘аля Мухаммад ва ‘аля али Мухаммад, кя-ма салляйта ‘аля Ибрахим ва ‘аля али Ибрахима, инна-кя Хамидун, Маджид. Ал-лахумма, барик ‘аля Мухаммад ва ‘аля али Мухаммад кя-ма баракта ‘аля Ибрахим ва ‘аля али Ибрахим, инна-кя Хамидун, Маджид!
Салаватты январь айынын акыркы күнүнө чейин 5 000 000 жеткирген инсанга, умра сапарына жолдомо берилет.
МАКСАТЫ:
Тилди ушактан сактоо менен биргеликте салават айтууну адатка айландыруу.
ШАРТТАРЫ:
1) Атайын дептер ачып, салават айтылган күндүн убактысын жана санын жазуу.
2) Отчёттук дептерди автор өзү гана алып келип тапшыруусу керек.
3) Намаздагы салават гана айтылуусу шарт.
4) 3 ай бою айтылган салаваттын жыйынтыгы 5 000 000 ашуун болуусу керек.
ЭСКЕРТҮҮ: 10 же 100 адам чогулуп, 5 000 000 жеткирүүгө тыюу салынат.