Осмон дөөлөтүнүн доорунда садака катары жол боюна суу ичүүчү кудук каздырган адам «мусулмандарга бул кудуктан суу ичүү арам, башкаларга адал» деп жаздырып коёт.
Албетте, муну окугандар аябай ачууланышат. «Кантип эле мусулман өлкөдө ушундай болсун? Башкаларга адал болгон нерсе эмнеге бизге арам» дешип казыга даттанышыптыр.
Буга казынын да ачуусу келип, кудук каздырган кишини карматып, алдына алдырат.
«Бул деген фитна, дини ислам, калкы мусулман болгон мамлекетте жашап туруп, кудукту мусулмандарга арам кылганың кандайча?»-деп ал кишини жемелеп кирди.
Кудук каздырган киши:
«Уруксат бериңизчи, бул кылганымдын себеби бар, себеби жок мындай кылбайт болчумун».
Казынын катуу ачуусу келип:
«Кандай себеп, кандай далил?
Фитна чыгардың, мусулмандпрдын тынчтыгын буздуң, сени өлүм жазасына тартыш керек!” – деди.
Бирок ошол эле учурда эмнеге антип жазганына кызыгып кетти казы:
«Минтип жазууга эмне себеп болду?» деп сурады.
Анда жанагы киши:
– Мен муну бир гана Султанга айтам.
Анын жообунан кийин ошол жердеги күбөлөр ызы-чуу түшүп кетти.
Ошентип, акыры бул окуя Султанга чейин жетти. Султан ал кишини алдына алып келүүнү буйруйт. Аны хан ордого алып барышат. Султан дагы ачуусу келип, бирок ошол эле учурда эмнеге мындай жазууну илип койгонуна кызыгып кетти.
Ал кишиге кайрылып:
«Айтчы, сен эмне дейсиң. Элге деп кудук каздырып, бирок эмнеге «мусулманга арам» деп жаздырдың?!»
Жанагы киши башын жерге салып:
– Менде жетиштүү жүйөөлөр бар, бирок Падышам аны далилдешим керек.
«Эгер сенин далилдүү жүйөөң болбосочу?»
«Анда менин башымды алдырыңыз, султаным» дейт.
Султан да анын айтканына макул болот.
«Султаным, жөөттөрдүн чиркөөсүнө аскер жөнөтүп, жөөттөрдүн аалымын карматып келип, эч кандай себепсиз эле бир жума каматып салыңыз. Анан көрөбүз эмне болорун…»
Падыша вазирлерге тапшырма берип, ал кишинин айтканын айткандай аткарышты.
Бардык жөөттөр чогулуп:
«Эмне болуп жатат, бул кандай зулумдук? Биз аалымыбызга кепилбиз, эмне керек болсо айткыла кылабыз, күнөөсү жок, керек болсо кунун төлөп берели…”
Жада калса тегерек-четтен элчилер келип, биринин артынан бири белек-бекчектерди киргизишти.
«Чиркөөгө аскер жиберип, христиан дин аалымын каматып салыңыз.»
Айткандай эле, чиркөөнүн дин аалымы камакка алынды.
Христиандар аябай ачууланышат. Падышага чейин келишип, нааразычылык билдиришти. Ага карабай аны бир жумага чейин коё беришпеди. Бир жума өткөндөн кийин гана бошотуп жиберишти.
Христиандар кубаныч менен тосуп алышып, аны коргоого ала турганын айтышып, ага белектерин беришип, кубаттап, тилектештик билдирип жатышты…
Султан:
«Бүттүбү?» — деди ал кишиге.
«Султаным, акыркысы калды, анан менин башымды алсаңыз болот» деди.
– Айт, акыркысын да аткарабыз!
«Шаардагы эң чоң, эң илимдүү, эң шарапаттуу аалымды жума күнү минбарда баян кылып жаткан жеринен карматып келиңиз…»
Ал кишинин айтканындай кылышты.
Алар борбордук мечиттин имамын жума хутбасын окуп жаткан жеринен сүйрөп келишти.
Албетте, буга мусулмандар нааразы болушту. Бирок жөөттөр менен христиандардай болуп, «Бул эмне кылганыңар. Жок дегенде хутбасын бүткүчө коё турсаңар болмок» деп эч ким айтпады. Эч ким имамдын артынан барбады. Эч ким кабар алган жок…
Арадан бир жума өттү. “Имам кайда, эмне болду?” деп бир да жан сураган жок.
Эл арасында мурунку жума камалган ошол чоң аалым тууралуу ар кандай ушак тарап кетти:
«Биз аны адам деп жүрүппүз»,
«Ээ десе, мен аны устазым катары көрүп жүрүпмүн …»
«Адалсынган аалымдын үйүнөн алты камандын башы чыгарын ким билди дейсиңер!»
«Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген ушул да!»
«Ал аалым сөрөйүң өлүп кетсин, ага үюп, артында окуган намаздар эмне болду десең?!»
«Айтпа, айтпа…»
Султан, казы жана кудук каздырган адам эмне болуп жатканын четте карап турушту.
Акыры Султан кудук каздырган кишиден сурады:
«Анан, эми эмне кылабыз?»
Анда жанагы киши:
«Имамды бошотууга убакыт келди.
Аалымдан кечирим сураш керек го», — деди ал.
– Туура айтасың, – деди султан. Аалымды алдына алып келип, кечирим сурап, коё берди.
Кудук каздырган кишинин бардык айткан аткарылды. Ошондо ал Султанга минтип кайрылды:
-Оо, улуу султаным, көрдүңүзбү? э
Эми өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз, ушундай мусулмандарга суу адал болобу?
Султан биразга гана ойлонуп туруп:
«Суу эмес, жалагалса аба дагы арам!» деген экен.