Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы «Аиша» мечитинде жалпы имамдарга жыйын өтүп, анын алкагында ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген тапшырмаларды так аткарууга чакырды.
«Мечиттердин тазалыгына көңүл буралы жана ыйык Рамазан айына даярдыктарды көрөлү. Кайрымдуулук иштерин күчөтөлү. Эң башкысы эл арасында түшүндүрүү иштерин жандантуубуз маанилүү»,-деди шаар казысы.
Муну менен катар Самидин кары Атабаев каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тез арада бүткөрүү үчүн баш имам хатибдерге тапшырмаларды берди.