alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Талас шаарында дин аалымдарынын катышуусунда айымдар үчүн «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышындагы семинар өттү

Талас шаарындагы «Атай Огомбаев» атындагы балдар музыкалык мектебинде «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышында атайын семинар өтүп, иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил Асылбеков, «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариэл ажы Абжалбеков, Бишкек шаарынын Октябрь районунун баш имам-хатиби  Мухаммад ажы Анаркулов, «Расул Акрам» ислам институтунун мугалими Абдыкалык кары Эшматов жана Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев катышышты.

Иш-чара алгач ыйык Куранды окуу менен башталып, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев  «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышындагы семинардын маанисине токтолду.

««Эне» — деген ким? 3 тамгадан турган сөз өзүнө канчалаган кереметти камтып турат. Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң асыл зат. Эне – тарбиянын, ыймандын башаты. Ал – үй-бүлөнүн куту, үйдүн жанып турган жылдызы, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнөсү назик жан. Энени урматтап, сыйлай билүү – биздин ыйык милдет»,-деди облус казысы.

Саамалыктын алкагында дин аалымдары аялзатынын коомдогу орду туурасында баяндамаларын жасашып, кеп-кеңештери менен бөлүшүштү. Семинар суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар мындай иш-чаралардын өтүүсү маанилүү экендигин айтышты.

Ал эми Талас шаарынын борбордук «Аал Аль Байт» мечитинде эркектер үчүн «Мазхабдын манилүүлүгү» туурасында баяндамалар жасалып, ислам дининин баалуулуктары түшүндүрүлдү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button