Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында өттү. Иш-чаранын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев катышып, өлкө башчынын жарлыгын биргеликте аткарууга чакырышты.
Өлкө аймагындагы жалпы мечит имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы, соода-сатык эрежелери, зекет, үшүр, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча атайын сабактар өтүлүүдө.
«Имамдарыбыз өтүлгөн сабактарды жакшылап өздөштүрүп алышса, элибизге жеткирүү бир топ жеңил болот. Эл менен иш алып барууда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлеринин орду чоң. Биз карапайым калкыбызды адал ырыскылантууга үндөй берели. Ал үчүн Муфтиятта атайын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды. Кандай гана маселе болбосун байланышып, толук маалымат алсаңыздар болот»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.
Ал эми семинардын окутуучулары имамдар үчүн атайын электрондук колдонмолорду даярдашып, өзгөчө Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырышууда.
««Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинарынын алкагында Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманкожоев, КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу жана облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков өздөрүнүн билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул учурду жакшы пайдаланалы!»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.
Эскерте кетсек, Каракол шаарында өтүп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинарына Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын имамдары катышууда.