Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында окуучуну өлтүрө сүзгөн айдоочу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон окуучунун ата-энеси айдоочунун жаш балдары бар экенин эске алып, ага карата тосмо арыз жазып берген.
«Каза болгон баланын ата-энеси айдоочунун үй-бүлөлүк абалын, анын жаш балдары бар экенин эске алып, тосмо арыз жазып беришкен. «Кырсык экен. Айла канча, дообуз жок» дешиптир. Азыр айдоочу эркиндикке чыккан. Эки тарап өз ара сүйлөшүп, бири-бирин кечиришкен», — деп айтылат маалыматта.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган факт боюнча буга чейин тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөрүлүпп берлиген.
14-апрелде Марказ айыл өкмөтүндө жайгашкан К.Сатаров атындагы орто мектебинин 3-классынын окуусун сүзүп кеткен Ош—Раззаков каттамынын айдоочуусунун иши сотко өтпөй, тергөөдөн кыскартылганын Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.