Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл аймагында улуттар аралык ынтымак, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, РИИБнын 10 бөлүмдүн жетекчиси Дүйшөн Жолдубаев, айыл имамдары жана айыл башчылар катышты.
Иш-чарада Араван районун башкы имам-хатиби ынтымактын, биримдиктин жана бүтүндүүлүктүн Ислам дининдеги ордуна токтолуп, бул жатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташып келе жаткандыгын билдирди.
« «Ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышпаса керек. Андыктан биз ар дайым улуттар аралык биримдигибизди бекем сактап, өсүп келе жаткан жаштарыбызды ыймандуу, билимдүү кылалы»,-деди баш имам хатиб.