Ош облусунун Араван районуна караштуу «Бүбүсара» медресесинде бүтүрүү аземи болуп, окууну аяктагандарга дипломдор тапшырылды.
Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек Орунбаев, ДИМКнын өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов Ош облусунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова катышты.
Саамалыка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
«Илим эң негизинен Алланын ыраазычылыгы үчүн болот. Материалдык кызыкчылык үчүн илим алуу туура эмес, андай жукпайт. Ниетти туура коюш керек. Илим биринчи кезекте бала-чакабызга, эл-журтубузга тийиши зарыл», -деди облус казысы.
Эскерте кетсек, аталган диний окуу жайда жалпы 31 кыз аяктады.