Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу борбордук мечиттин жанында жайгашкан «Апиза Эне» атындагы Ислам Институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 2- августтан 25-августга чейин улантылат.
Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулат жана институтка даярдоо курстары бар.
Шарият илимдеринен сырткары төмөнкү сабактар окутулат:
— кыргыз тили
— кыргызстан тарыхы
— информатика
— дене тарбия
Окутуу европалык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген Ханафий мазхабы жана Матуруди акыйдасындагы китептер окутулат.
Окуу жайга талап кылынуучу документтер :
-паспорт
-аттестат же күбөлүк
-3×4 өлчөмдөгү 6 даана сүрөт
-жашаган жеринен аныктама.
Байланыш үчүн телефон : 0778 74 98 99