Бегимай Турдубекова 2004-жылы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ал беш бир туугандын экинчиси. Окуудагы ийгилигине ата-энеси себепчи болгондугун айтат.
«Мен мектепке бара элек кезимде эле «жакшы окуйм» деп айтчумун. Ата-энем билим алууга шарт түзүп беришти. Эч качан алар мени окуу деп кыйнашкан жок. Кеңешүү жана жардам берүү менен баардыгын «5» деген баага окудум. Эң жакшы көргөн сабактарым — математика, химия, тарых жана кыргыз тил сабактары. Математика жана кыргыз-тил сабагынан облустук, республикалык олимпиадага чейин катышып жүрдүм», — деди ал.
Бегайым «Алтын тамга» аттестатына тесттен өтүүдөгү сезимдери тууралуу буларды билдирди.
«Мен мектептин президенти болчумун. 11-класска көчкөндө, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын жана жалпы республикалык тестирлөөсүнө даярдануу үчүн президенттикти өткөрүп бердим. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүндө биз окуган программадагы эле суроолор берилди. Төрт сабактан тест бердик. Математика боюнча баам «4» болуп калдыго деп ойлоп, кыжалат болдум. Артыкчылык аттестатын аласың дегенде, үй-бүлөм да абдан кубанды. Аталаш бир тууганым да Москвада мектепти кызыл аттестат менен бүтүп жатыптыр. Экөөбүздүн багынткан ийгилигибизге туугандарыбыз кубанууда», — деди Б.Турдубекова.
Бүтүрүүчү келечекте котормочу болууну каалайт.
«Учурда немис тилин үйрөнүп, атайын ийримдерге катышып жатам. Аны менен бирге англис, түрк тилдерин да үйрөнүү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырууну көздөп жатам. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Келечекте котормочу болуп, чет жерде тажрыйба топтоп, элиме кызмат кылсам дейм. Мен өңдүү алдыга максат коюп, билим уясынан учуп жаткан бардык бүтүрүүчүлөргө кыялынын орундалышын каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Ак-Суу району боюнча 11-классты 794 окуучу, 9-классты 1119 окуучу аяктап жатат.