alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ысык-Көл облусундагы имамдарга бирдиктүү формалар тапшырылды

Кечээ, 7-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, шаар, райондук баш имам-хатибдер жана дин кызматкерлеринин катышуусунда  жалпы имамдарга бирдиктүү формалар тапшырылды.

«Адамга берилген жана ага тиешелүү болбогон нерселердин баары аманат. Аманат маселеси ислам дининде өзгөчо мааниге ээ болгондуктан, Азирети пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) аманатка кыянат кылуу, эки жүздүүлөрдүн белгиси деп айткан (Бухари. Ыйман 24; Муслим, Ыйман 107).  Баардыгыбыз динге кызмат кылып жатабыз. Ушул иш бизге аманат жана ар бирибиз мойнубузда чоң жоопкерчилик бар экендигин эстен чыгарбайлы. Бүгүнкү ушул иш-чаранын өтүүсүнө себепкер болгон өлкө башчыбызга терең ыраазычылык айтып, мамлекетибиздин ынтымагы, биримдиги жана жаркын келечеги үчүн салым кошуп, кызмат кылалы!»,-деп билдирди Султанали ажы Гапуров.

Ал эми облус казысы дин кызматкерлерин ынтымакка чакырып, эл менен иштөөгө чакырды.

«Жараткан эч кимге кыпынчалык дагы зулумдук кылбайт. Эгер жакшылык болсо, ал аны эки эселеп көбөйтөт жана ал үчүн улуу сыйлык берет. (Ниса;40). Коомчулук жана калктын калың катмары менен активдүү иш алып баралы. Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасын элибизге түшүндүрүп, жаштарыбызга туура багытты көрсөтөлү. Ар андай терс диний агымдардын  таралышын алдын алуудагы түшүндүрүү иштерин жандандыруу өтө зарыл»,-дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button