ОшТУнун Өзгөн техникалык колледжинде Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Илим алуунун булактары» аталышындагы баяндама жасап, ата-эне жана мугалимге болгон сый-урмат, ислам баалуулуктары, илим алуунун зарылдыгы жана маалыматтык сабаттуулук боюнча студенттерге маалымат берди.
Иш-чарага Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн райондук Аксакалдар кеңешинин дин боюнча кеңешчиси Жумагул ажы Маметов, ОшТУнун Өзгөн техникалык колледжинин эмгек жамааты жана студенттер катышты.
«Курандын эң алгачкы буйругу «оку!» деп келет. Демек ислам дини үйрөнүүгө, билим алууга, маалыматка ээ болууга чакырат. Динибиздеги кырк парздын бири дал ушул илим алуу болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Илимди Кытайдан болсо да алгыла» деген. Дагы бир хадисте «илим алуу бешиктен кабырга чейин» деп, баарыбызды илим-билим алууга чакырат. Илим алууда же кандайдыр бир маалыматка ээ болууда анын негизги булагына көңүл буруу кажет. Кээде исламда болбогон нерсени исламга таңуулап же тескерисинче динде бар нерсени жокко чыгарышат. Ушунун баары маалыматтык булактардан кабарыбыз аз экенин далилдейт», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.