Ош шаарындагы «Азирети Умар» мечитинин имам хатиби Нурали ажы Жолдубаев №48 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, «Адамдын көркү-адеп» темасында баяндама жасады.
Нурали ажы Жолдубаев окуучуларды убакытты туура пайдалануу менен билим алууга чакырды.
«Ислам дини адеп-ахлакка чакырат. Пайгамбарыбыздын (САВ) адептүүлүгүн көрүп, көпчүлүк инсандар суктанышат эле. Ошондуктан мусулман адам адептүүлүк боюнча башкаларга үлгү болуусу керек», — деди Нурали ажы Жолдубаев.
Лекциянын соңунда окуучулар суроолорун беришип, мечит имамынан жоопторун алышты