Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери күбө болушуп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин, куттуктоолорун айтышты.
Азирети Муфтий элди ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруучу жай мечит экендигин айтып, жергиликтүү жашоочуларды «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылышы менен куттуктады.
«Мечит, инсандын ыйманын, адеп-ахлагын оңдой турган ыйык жай. Алла Тааланын үйүн таза кармап, келечек муундарыбызды ыймандуу кылып өстүрөлү. Мечитте уккан аалымдардын насааттарын жашообузга пайдаланып, коомубуздун, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу»,-деди Азирети Муфтий.