«Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресеси 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат.
КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:
- Ата-энесинен арыз
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү.
- Медициналык аныктама 086у (флюорография)
- Аттестат же 9-классты бүткөндүгүн аныктаган күбөлүктүн көчүрмөсү
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт
- Жашаган жеринен аныктама
- Yй-бүлөлүк аныктама
- Кагаз иштерине 500 сом
КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ:
1-июлдан баштап 20-августка чейин офлайн түрүндө уланат.
СЫНАК АЛУУ МӨӨНӨТҮ:
Сынак 23-август күнү медресенин жыйындар залында өтөт.
СЫНАК ТӨМӨНКҮ САБАКТАР БОЮНЧА ТЕСТ ТҮРҮНДӨ АЛЫНАТ
— Кыргыз тили
— Кыргыз адабияты
— Кыргызстан тарыхы
— География
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш телефондор:
0777 07 05 06
0500 69 63 03
0772 44 47 97
0555 42 15 52
Дареги:
Ош шаары, Туран кичи району Ишматов көчөсү №65б.
«УММУ МУХАММАД» КУРАН ЖАТТАТУУ МЕДРЕСЕСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ.
Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресеси 2016-жылдын 5-октябрында расмий ачылган. Алгачкы абитуриенттерди кабыл алуу ошол эле жылы башталып 2019-жылы биринчи 2020-жылы экинчи 2021-жылы үчүнчү бүтүрүүчүлөр аяктап дипломдор жана сертификаттарга ээ болушкан. Учурда 7 мугалим жана 2 кызматкер үзүрлүү эмгектенип 50 дөн ашуун студенттер билим алууда. Медресенин негизги максаты Куранды толук жаттатуу, ага кошумча араб тили, фикх, хадис жана башка шарият илимдери окутулат.
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ:
- Окуу мөөнөтү даярдоо курсун кошкондо 4 жыл
- Куран сабагынан сабак берген мугалимдер пайгамбарыбызга чейинки уланган 10 (он) кырааттан ижаза (санжыра) ээси болуп саналат
- Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн татыктууларына пайгамбарыбызга чейинки туташкан ижаза ыйгарат
- Орто билим алгандыгын тастыктаган аттестат берет
- Компьютердик курстар окутулуп, сертификат берилет
- Студенттер жатакана жана тамак-аш менен камсыздалат
- Медресенин диплому берилет
ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:
- Медресенин студенттери диний окуу жайлар арасында илимий жарыштарда алдыңкы орундарды багындырып келет
- Медресенин студенттери өлкөбүздүн мечиттеринде Рамазан айынын тарабих намаздарында Куран хатымдарына өтүшөт
- Медресенин студенттери диний окуу жайлар жана жергиликтүү мектептер арасында уюштурулган спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып келет
- Медресенин мүдүрү баш болгон жалпы эмгек жамааты жана студенттер ар кандай коомдук иш-чараларга активдүү катышып келет