alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
АңгемелерКитептер

ЖУМАБАЙ ПАЛБАН (повесттен үзүндү)

Ракманберди Маманов

Кимдин болсо дагы баралына жетип мөңкүп кирген суудай толуп турар чагы өз мезгилинде ооматтай дуулдап келерлиги белгилүү. Ошондуктан, алдан-күчтөн тайыбаткан чактарында мен сендей жаш кезимде дегенди ким болсо дагы ошондо деп сөз кыябасын келтире кайта-кайта айтып эңсеп, тамшанып турарлыгы да бар го бул киши жашоосунда.
Жогорудагынын сыңары Аманбай да өтө жаш кезинде жерде сулкуюп жаткан оор улактарды шыпыра эңип көтөрүп кетип жүргөн улакчы болгон. Өзүнүн күйөрмандарынын кубатташып гүү-гүү, ызы-чуу түшкөн күндөрү эсинен алигече чыкпаган. Андыктан, ошол өткөн күндөрүн көптүн бири катары эскерери, эңсээри бышык го. Ооба да, адамзатынын кээ-кээ кездерделе ичинен күңгүрөнгөндөй эчтеке дебей көпкө дейре дымып калчу адаттарынын бир себеби ушул. Ана, бүгүн Аманбай чал дагы саарлыктары бүтөрү менен ошол акыбалга түшүп, бүлөсү күндөгүдөй ордунан туруп кете албай ылкактап, о бая жайылган дасторкон оомин делинип жыйылып алынбай зарыга туруп калды. Үй ичи адаттагыдан тыш жымжырт, ал узагый берди. Мындайда Майра кемпири тургай, дайыма арсалактап эркелей берчүү Абдалымы дагы бул сапар аны бузганга даай албай унчукпай молтоюп олтуруп калды.
Анткени, чал жогорудагыдайда көңүлүнө туура келбеген кымындай эле нерселерге тарсаланип, аябай катуу ачууланып каларын, таза болбой баратса, биротоло кекээрдеп урушуп таштаарын үйүндөгүлөрдүн баары аябай жакшы билишет. Мындай пейили үйүндөгүлөргө гана эмес, карагойлук жакын кошуна-колоңдоруна беш колдой белгилүү. Ошол үчүн андан баары чочулаша этияттанышат
Бирок, Аманбайдын чукул абалы көпчүлүк учурларда бардыгы үчүн жакшылык жаатына оой өтүп да кетчү. Анын мунусун жакшы билген үй-бүлөсүндөгүлөрү дагы бирдекеге куйлана тарсаланип албасын дешип буттарынын учтары менен гана басып калышчу. Бул илгертеденки адаты карыганда да калбаган. Ана, бүгүн дагы ошонусун карматып күңгүрөнүп, кокустан бирдеке акырын тырык этеле түшсө чочугандай ошоякка селт этип алая тигилип тиктеп, баскан-тургандын баарын жактырбагандай ормоюп олтуруп калды.
Бирок, узакка созулбады анысы. Көп жылдардан бери наспай чегип жүргөндүктөн да, Аманбай өзү акырын кайта-кайта кыска-кыска жөтөлүп жатып гыйылдаган тамагын түзөп күүшөп алды да, анан кана эмесе, баарыңар унчукпай угуп олтургулачы дегендей ымаа жасады, олуттуу бирдекени баяндаганга киришкени жаткансып. Ошондо дагы башынан берки адатынча башын өйдө көтөрбөй жер тиктеп, жанына тегеренип олтургандардын бирине кыя көз салып карабай кыйлагача дагы үнсүз дулдуйду.
Акыры башын өйдө көтөрүп алып мурда куду өзү аралашып калгансып, о качанкы замандарда болуп өткөн кыргыз турмушунун бир эле үзүмү жөнүндөгү икаясын алыстата коңур үнүн бир калыпта күңгүрөтө чыгарып баштады.
… жоокерчилик акырлаган замандардын биринде тажиктер эчтеке болбогондой өз-дөрүнүн Күн Чыгыш тарабындагы кыргыздардын жайлоолоруна мал-алын өткөрө айдап жайып жиберишип, ал эле эмес, кээ-кээделе биротоло отурукташып алыша тургандай алачыктарын тигишип кар калың түшкүчө жашашып, кошунабыз го делинип чакырылып калышса, сыяйы коноктордой келип-кетишпей күйүмдүү, билген кишилердей бааздале ашы-тойлорун башкарганга дароо аралашышып, ана-мынасына өктөмдүк менен кирише коймой адат чыгарышып алышкан экен.
Сада пейил кыргыз эл алардын мындайлыктарын кошуналык элгарчиликтери эле го деп кабылдап көпкөчө анчалык маани бербейт, ал эми алар өздөрү тойлоруна, же бир башка мааракелерине бириндеп барып калган кыргыздарды сенсалага салышып жолдон бурулуп өзүнчө кокус келип калган жолоочу го дешкендей тоотпой кабыл алышып, улак чабышууларда галага кирген кыргыздарга гилейген семиз аттарын туурадан салдырышып өмгөктөтүшүп урдурушуп чекелетишип сүр көрсөтүшүп калышат. Ал эми Музафар деген эч бирөө тең келе албаган эңгезердей чоң, дөдөйүрөк палбандары бектеринин шилтөөлөрү мененби, же болбосо палбандык ошол акылынын жетешсиздигине салыппы, айтор, өтөле чоң Карагер атын минип эр эңиштерге чыгып алып кой-ай дээр кожосу жок бакырынып-өкүрүнүп, эңдирип койгон кыргыз, же өзбек палбандарынын беттерине какырынып-түкүрүнүп, тартынбай уят сөздөр менен сөгүп-сөздөп тамам акааратын чыгарып доора сүрүп жүрүптүр. Кой-ай деп тыйчу бектери кайра анын бежанжирликтерине маашырланышып кумарларын жазыша кубатташып жатышкандай көздөрүнөн жаштарын агызганча каткырышып күлүшчү экен эле. Албетте, өздөрү хан, өздөрү бий дүнияга мас оолжуган бектерге бүрөө-жарым батынып сүйлөмөк тургай, эч кимиси алдыларына тике басып бара албасы анык да. Анткендер менен өздөрү дароо чара-паралашип тикеленише каалагандарынча жазалашып ташташса, анан аларга ким теңеле койсун. Антсек, узакка созулган кыргын-согуш чыгып кетер, күндүк турмуштагы зарыл ортодогу алыш-бериштерибиз токтоп калар дешип эрин тиштешчү экен башка бектер да.
Ар качанкы ар-намыс, ариет… атасы казалар өйдө болуп баш көтөрүп кетсе дагы, эр эңиште алдырып койгон тарапка жер тиктеп унчукпай кала берүүнүн өзү атан төө көтөргүстөй өтөле оор келээр. Мындайда тыздаңдабай качандыр кимдир бүрөө этек кагып туруп кетиптир эле, эч ким, эч кайсы мезгилде… жерге кирип кетчүүдөй кызарып-тата-рат. Айла таппаганда шөлбүрөп туруп берер төбөсү көккө тийип турган кимиси болсо дагы. Эл оозунда икая болуп таптакыр аягына чыгып түгөнбөөчүдөй бала-чакага дейре жете түшүп, бир өмүргө сөзгө сөлтүк жер тиктемейде жүрүп калуунун өзү о-хо-хоо, дөө-шааларыңды ийилтип ийин кыстырар мен деген ариетине тийип.
Намыс-ариеттен тышкары тажик бектеринин түбү арам ойлору бар экен эле. Жогорудагинтип коркутуп-үркүтүп пык кайрып басмырлап жүрүп олтуруп жаңжал чыгаруу менен, кыргыздарды ошол жайыттуу, жайлуу аймактардагы жерлеринен сүрүп чыгарып, өздөрү биротоло отурукташып алууну көздөшүптүр. Кыргыз бектери эң оболу муну түшүнүштүбү, же жокпу, белгисиз, ал эми жогорудагинтип мааракелеш, алыш-бериштеги сеники-меникисиз ымалада жашашкан карапайым калкта кайдагы ой, кайдагы кыйдылык болсун, эчтеке…
Ошентип оболу баамдарына жетпесе да, тажик бектеринин напсилери улам куйтулдап баратканын акыры сезишкен кыргыздын түзүгүрөк бектери дароо тыздаңдаша кетишпей ошол сестин пыгын гана билимсиз кайтарып коюуга тымызын даярдыктарды көрүшө башташат. Акырындап алардын палбандарына каршы улак чабыштырып койгонго эл ара-сынан күчтүү, ат үстүндө шамдагай, чебер, курч, билги жигиттерди тандашып топтошот. Ал эми Музафарга мен эле тең келемин, аны дароо оодара тартамын деген жигиттердин көбүн көңүлдөрүнө туура келтиришпейт. Ага сар келер мыктысын таппасак болбойт де-шип, тынымсыз издетишип, жашыруун сүрүштүрүшө беришет.
Акырында киши болуп жаралганы жөө жүрүп кышын-жайын тоодон ой-дөбө отун алып, аркасына көтөрүп түшүп сатып тиричилик өткөрүп жүргөн биздин жалгыз бой бечара Бабажан бубабыз көпчүлүктүн купулуна бап келип калган имиш. Музафарга сар келери анык дешет бубабыздын туураланган тулкун, ортодон саал эле жогорураак чымыр боюн жактырышкан сынчылар.
Ошол эчтекеси жок эптемей тириглик өткөрүп жүргөн чор таманда кайдагы ат, эрезеге жеткиче азали минбегени да анык. Бектердин бири өзүнүн кашаң, ур токмокко ала камчыласаң жорго сымал бир-эки жолу араң кылтың-култуң эте түшчүүсү бар түлөп түшпөгөн жүндөрү саң-саң болгон капкара чобур атын карматып коет мингенди тез үйрөнсүн деп. Өтөле арыктыгынан мойну ичкерген, эти жок соору пүчүйүп жоголгон ал жаныбарга бубабыз буттарын ашырып бекем олтуруп мине албай көпкөчө дөңгөчтөй кулап түшө берсе машыктырып жаткандардын ачуулары келип ашатышып сөгүшүп, өчөшкөндүктөрүнөн өзүн жөө коюшуп атты жетелетишип типтик өрлөргө жүгүртүшөт, желкесине көтөртүшүп коюшкан оор нерселерди алыс-алыстарга ыргыттырышат бектердин табыштап талап кыл-гандарын орундатышып.
Экинчи жылдын жаңырган жүзү көрүнө баштаганда гана бубабыздын жазы көкүрөктөрү ого бетер кеңейип, шөлбүрөп бошошкон булчуңдары торсоюп чыңалып чыгып, көгөрүп көпкөн чаначтай аталага жык дардайган карды тартылып жеңилдейт. Ошентип түйшүктүү машыгуулардан кийин пастегирээктей көрүнгөн бою субагайлана узарып арстандай кабасаттуу күркүрөп көрүнүп, таанылгыстай өзгөрүп күчүнө кирген таптакыр жаңы жигит болуп чыга келиптир.
Ошол мал караган кулдар минип гарып болгон кара атты бубабыздын Маамат деген жакын тууганы багып, тымызын таптап берүүнү көздөйт, Бабажан бубабыздын өзүн дагы ат минүүгө машыктыра жүрүүнү мойнуна алат ал. Анткени, анын өзүнүн саяпкерлик өнөрү бар экен эле да, атты бир көргөндө эле өскүлөң, жаралганы таралбаган саң-саң куй-ругунан тартып көрүп купуя кудай жалгап бул кыргыздын кадимки айдама жоргосу тур-байбы, күчүнө толсо, күндөп-түндөп жүрсө чарчабас күчтүү ат болор деп, кубанганынан өзүнчө күлүп жиберген имиш экен эле.
Ошентип атты минип алып шүүдүрүм түшкөн көк шиберлүү жерлерге кар жааганча күн кур койбой өзү минип жүрүп откоруп парбейиштей берет. Саратан жемин тойгозо жедирүү үчүн Айша байбичесинин пешенебиздеги жалгыз эчкиге тийбейле коюңузчу деп безилдегенине карабай, гүрүчпуруштардын ак шагына алмаштырып келет дагы, эртең менен ысык сууга жууп уютуп коюп, жибигенде кеч жедирип, бүткүл апсаласи менен атты ал-күчүнө киргизе берет, өзү тындырбай аз-аздан күндө алыстатып бастырып минип, кичине-кичинеден узата жорттура бышыктырат. Бубабазга болсо дагы бир байдын жылкычысы минип жүргөн атты жалдырабатып сурап түнү гана мингенге көндүрүп алат. Албетте, бектердин өтө катуу дайындаганы боюнча буларын башкалардан гана эмес, алар-дын өздөрүнөн да сыр сактайт. Кантибатканын паказ өзү гана билет.
Жогорудагынтип тынбай катуу түйшөлгөн бубабыздын тез эле ат мингенге өтө жа-быстанып кежирленгени көптөп машыктырып жаткандардын купулдарына толо баштайт. Бектер дагы анын чыныгы палбан экендигине тез эле ынанышат. Үйлөнүп алганга каяк-тагы чарк-чама бар эле, отуз жашка чамалап барып калса дагы бойдок жүргөн бубабызды асыралып алып карын салып, кокус ичине май байлап жүрбөсүн бул кара таман кул дешкен бектер өзүнөн жашы кыйлале улуураак күң жубанга үйлөнтүшүп, тешиктеринен ас-мандагы сансыз аалам жылдыздары даана көрүнүп турчу эскирген илдакар алачыкка киргиздиртишип коюшат да, эми, эки тукур, корунбай өзүңөр ээн-эркин жашаңдай бер-гиле дешип күлүшөт.
Даярдыктары куду жогорудагыдай кыямда жүрүп жыл өтүп күткөн мезгил келет. Тажиктер дагы чоң тойго чакырышып калышат. Эми эмнелер болуп кетер экен дешип саксынышкан биздин жоон топ бектерибиз той ашы-гөштөрүн гоопкатарда олтурушуп араң жешет. Ал эми тиягы тээ казактардан, бериси өзбектерден келишкен сыпайы бекзадалар оолжушуп чараз олтурушат.
Ошентип, чоң тойдо ызы-чуу, күрү-күү өтө күч… бир тарапта домбуралар урулуп, шартылдата комуз чертилип, най, сурнайлар үйлөнүп, кернейлер бапылдабатса, башка жагында аябай дараң тартылган кыл арканда баскан дарчы балдар жандарын тиштешип жүгүрүшүп жиберишип, кокус ай деп бакырып кулап түшүшчүүдөй далдаңдай калтылдашып жүрөк үшүн алышып, дагы бир жерлерде кадимки эле бел кармаштагы күрөшчүлөр катынча чалмайы жок дешип бири-бирин тизеге, жамбашка алышып даңгал көтөрүшүп таза чабышканына ыраазы курчашып алышкан тамашакөйлөрдүн дуулдашкан авазалары жаңырыбатты. Ал эми ар кайсы гылбат жерлерде короз уруштурмайлар, бөдөнө тебиштирмейлер оожалып, буларга өтө берилген жазмандари өз ара мелдешише кетишип ортого ой дөбө пул коюшуп көбү эсеңгирей чуу түшүшүп, ээнирек жерлерде өңдөрүн кубартышып дарткамдашкандардин ашык калчамайларына бүт үй-жайлары, катын-кыздары коюлуп кетип жатты.
Дегинкиси тойдун шаани-шөкөттөрү жогорудагинтип Күн өйдөлөгөн сайын күч ала берет. Карапайым калкка эмне эле мындайларда, алар менен бүрөөлөрдүн иштери дагы болбойт, бир тойгонубуз, орто байыганыбыз дешип эптешип-септешип өздөрүнүн курсактарын тойгозуунун көйүндө буту күйгөн тооктордой тынымдары жок чуркашып той кызматтарында гана жүрүшөт.
Акыры эртең мененден бери гый-чый түшүп тынбаган улак тартыш токтотулуп, жакындан тамашаланчуу эр эңишмей оюну башталат. Тойго келгендердин көпчүлүгүнүн чыдамсыздык менен күткөндөрү ушул эле да. Анткени, ортодо кошуна эки элдин бийле-ринин качантан берки билимсиз тирешмектери бар экендигин калың катнаштагы башка кошуна элдердин бектери укпай коймок беле, угушкан, көбү сээрлери менен боолголошо сезишкен, шыбың-шыбын, шуу-шуу сөздөр эчак эле айтылып эл аралап калгандан тышкары. Ошондуктан да, алар дагы эми тойдо тажик-кыргыз кантише кетишет экен дешип өздөрүнчө тынчсызданышып гоопкатарда. Кокус гыраамчылыктын кымындайы көрүнсөле кырды-бычак болуп чабыша кетүүлөрү куду ушул күнү, ушул жерде кара кыл учунда турганы анык дешчү. Куду мына ушундай кырдаалда той башылары дагы абдан сергек, кимисине жакындап баратса дагы буттарынын учтары менен басышып, колдорун куушура жылмайышып сүйлөшүп…
Канткен менен, жөө, атчан жүргөн жакын-алыстан келишкен меймандар доораны кеңейтишип бетме-бет катар тизилише коюшат. Ар дайымкыдай оболку жаш өспүрүмдөрдүн, анан ортосар палбандардын эңишмейлери тез эле бүтүп калат. Кезек өтө даңазалуу палбандарга жетет. Доора жымжырт.
Ар дайым эр оодарышка минилип жүрүп майданга чыкканда өзү тиштеп оодарып салчудай оозун чоң ачып азынап жиберчү Карагерин күүлөй камчысынын учу менен акырын камчы чаап теминген Музафар палбан мени менен эңишкени кимиси даай коймок эле дегендей, чоюштай сатаңданип каалгып, узун, калың, капкара мойлоолорунун сербейген учтарын тез-тез чыйралта бурап дөө-шаалар дүңгүрөп келаткандай гүрү-гүү кабасат менен ортого чыгат. Ага эзелтеден күйөрман тамашакөй тажиктердин көпчүлүгү жаша-аң шауваздашып кыйкырышып, кыргыз бектеринин алып келишкен курчуй түшкөн кымызына мыргышкан өз бектери аны менен сыймыктаныша, анаке, биздин палбанды көрүп алгылачы, тең келер барбы ага дегенсишип олтурган дөңсөө жерлеринде уйкусырашкандай чалкалашат…
Мындайларга дөөгүрсүп көнгөн Музафар асманга учуп көтөрүлчүүдөй огобетер каалгып, минген сынаакы атын кең майдандын ичин айланта жорттура ыргыштатып ойноктотуп, анын эки капталына куду мастай ооп-төгүлүп, болбосо чалкалай асман карап карсылдап каткырып, көкнари ичип алып уйку-соо арасында жүргөндөй утуру кыяктап кыйкырып коюп, ааламдагынын бүт баарысы бир өзүнүн гана бактысына келип калган ооматтай сезилип өзүнө өзү батпай дүң-дараң түшүбатты. Ооба, эл арасындагы атагы көп-төн бери таш жарып, баары жашаалап дубаларын беришип колдошуп-кубатташып турушканда, ким болсо дагы, чараздана ушинтери бышык го. Дагы да анчалык деле жеңил кетпей өзүн карманат экен палбан. Акылы өтөле кемирак андан башка болсо, каршысына чыкканды эңип алардан мурдале акмагы чыкмак. Анткени, жалпы эл да дароо таразалап, койчу ошону деп коеру дагы анык го.
О илгертеден атты арыгында, эрди гарыбында көр делинген сөздүн калети жогу ырас. Абдан бөпөлөнүп багылган баякы кара чобурдун тазаланып таралган жал-куйруктары жибектей төгүлө суюлуп, көкүрөгү кулачча керилип , чаткаяктары кеңейип алчаңдап, өтөле тегиз жорго чыгарып курчуп гүдүрөңдөп сызып катуу жүрүп чыкты ортого. Үстүндөгү мурунку жүдөмүш бубабыздан дагы дарек жок, пүчүйүп куушкан далылары кеңейе көтөрүлүп, көкүрөгү жайыктанып, ал-күчкө толгон тулку чымырлана чыңалып, борбойгон мурун канаттары керилип алыптыр. Бир шашылып койбогонучу. Өзүн табаара токтоо кар-мап өтө төрө пейилдиги көрүнүп… аны даярдатышкан бектердин өздөрү аны тааныбай калышкандай таңыркаша башкале бүрөө эмеспи дешкенсишип тиктешет.
Албетте, мунун баары аны ошол чобур атка кошуп Маамат чал саяпкердин парбейиштегенинин акыбети да. Ошентсе дагы, жалпы тамашакөйлөрдүн көздөрүнө тажик палбанга караганда кыргыздын бою пасыраактай, үстү-башы жүдөңкү көрүнүп, көпчүлүктүн көңүлдөрүндө бечара майып болбогой эле дегендери купуя айтылып аяшат. Музафарга ичтери тарыгандары тогуздап коюлган соорунду ошол жинди дагы алат экен да дешип култуюшат, адамзаты адаттарын карматышып.
Ошол да, өтө жука, жүдөө кийинген бечараны кимдер эле ай-үй дешип кубатташып коюшмак эле, кала берсе кыргыз бектери өздөрү кантээр экен, ушул болбурап бошошкон немее, жарайбы, же жокпу дешип кооптонушат. Эми… барибир жоктон көрө жогору го дешкенсишип бири-бирин тиктешип, анын минген жоон, дуңгул кара атынын саал-саалча жоргологонун тиктешип биротоло иренжишет. Ортодон чыгарып кеткенге ылаажы дегеле жок да, эми кеч дешип эриндерин керте тиштешет. Азыр ошентишип болушуптур канча-лык шаа болушса да. Баарына шылдың болмою, айтып түгөткүс насакка калмайы барлыгы көз алдыларында турганы анык. Анткени, майданга эңишкени бир чыккан соң, кайра чыгып кетүү эмес, анын жарабай жаткан атын алмаштырып берүүгө мүмкүн эмес. Андай-да эңдирип коюп жерге түштү делинчү бул оюндун оо байыртаданкы кыргыз эрежеси бар, ал азыргача так аткарылып да, сакталып да келе жатпайбы. Мындай катуу шерт кошуна жашашкан журттарда да кол көтөрүлбөй кабыл алынганы бар…
Аманбай баянынын ушул жерине келгенде улутуна унчукпай кыйлагача калың эрдин кымтый тиштеп олтурду. Үнсүз күңгүрөнө толгонуп жатканы чекелериндеги узун-узун кеткен бырыштарынын дагы тереңдей түшкөнсүгөнүнөн билинип турду. Акыры кыска, акырын күрсүнүп алды да, сөзүн кайра улады.
… алгач чала-чарпыт бир-бир чарпышып ажырашат эки палбан. Ал ара каршысындагысынын чарк-чамасын чаглоо эле. Куду ушундайдале биринин жүрөгүнүн тайкылана зырп этмеги, экинчисинин ээрден көчүк копшолтпой өйдөлөнгөн моло таштай оор сүрүнүн көлөкөсү көрүнө түшмөгү аңдалары бышык болчу. Иримчиктеп иренжиткен ичтаптык менен чалкайган айкөлдүктүн, ар-намыстын чырмалышкан түйнөктөрүнүн, ирмемдеринин көрүнөө чечилмегинин жагаалдануусу дагы куду ушул чарпышууда экени, кимисин кандай тагдыр тамашасы күтүп жатканы көзгө көрүнө түшмөгү айкындалат. Натыйжада, эр эңиштин оюн болбой калгандагы кабасаттуу сес көрсөтмөйүнүн пүрпөймөгү көрүнө тү-шөт.
Ошентсе да, бүт тамашакөйлөр ыргып-ыргып кетишчүүдөй гүү этише олтурган ордуларынан комдоно копшолушат. Ал эми ар дайымкысындай бир эле жолу аюу чеңгелин сала коюу менен беттешкенин оодара тартып улактай өңөрүп алып кыйкырып доора ичин айлантып чаап жүргөнгө көнүп алган Музафардын каршысындагы кыргызды мыскылдай күлүп тиктегени да ушул бир эле чарпышууда өзгөрүп, жүрөгү зырп этип, өңү бозурая пуштаят. Саал-паал эңкейип алып жылмая күлүп турган жүдөмүштүн моло таштай салмактуулугунан былк этип койбогонуна бүт тулку чымырай дүрр этет. Мурдакы өнөрлөрүнө салып дароо оодарып өңөрүп кетчүүсүнөн тайкылана дароо чочуп алыстай качып этияттанат, чулчуюп салаңдаган жаак эттеринин чочугандай диртилдей түшкөнү өзүнө гана айкын билине түшөт.
Ошондон кийин Музафар палбан биротоло митайымдана баштайт. Аябай күчүнө кирген бакшылар сыңары кыжынып алыстан кыйкырып айбат салып, өзүнө кошула кубаттап жаткансып улам азынаган атын катуу ойноктотуп күүлөнтүп, тез-тез парсылдатып камчылап, кең доораны айланта чаап баратып эле тикесинен так секиртип… ошол затына жараша Карагери менен эле койдуруп кулатып жиберчүүдөй тизгинди бош коюп Бабажан бубабызга карай күүлөп салат. Тызгырыктап тике бараткан атын көздөгөн жагына барбай буйттап жатат дегендей ачуусун келтирип тизгинин катуу-катуу кагып тескериге кайрый өзү бура тарта берет.
Жогорудагыдай көрүнүштөн көздөрүн ирмешпей тиктеп турушкан тамашакөйлөрдүн садалари Музафар палбандын ачуусу эми келди окшойт, аты менен койдуруп жыкмай адатын карматабы дешип демдерин ичтеринен алышат. Анткени, анын жеткен митайым, гыраамдыктарынын бири куду ушул айла экендигин көпчүлүк билет, ошол үчүн бечара момун кыргыздын шору эми кайнады дешип бубамдын ат үстүнөн чикалактай жерге кулаарын элестетише ага чындап боор ачышат. Дайыма эр эңип оодарышмайды көрүп жүрүшкөндөрдүн бир даары анын өзүнүн тайсалдап калганын сезишип, тажик бектери тарапка көз кыйыктарын байкатышпай ташташат, алардын кабактарынын салыңкылыгын аңдаша дүң түшүшөт.
Мурдале Музафардын жогорудагыдай кылыктарын угуп жүргөн бубам да абалды түшүнө бош келе бербейт. Чегинүүнү такыр эле оюна албай, минген атын тикеленте алчаңдатып катуу теминип буйдалбай тигиге бетме-бет кагылыша түшкөндү көздөй катуу кирише берет. Киши башына ооматтай бир келчү ошол бар, же жоктун ортосундагы му-зыраңданган кең доорада эңиште тагдыр тамашасы менен тикеден тике бетме-бет келүүдөн башка жол издебейт. Анткени, Музафардын таза болбой бараткандагы айла-амалдарын Маамат чал кулактарына куюп койгон болчу.
Эми эки курч ат ана-мына бетме-бет кагылыша кетишип палбандар майып болушат деп ойлошкон жүүндөрү бышыгырактары эриндерин кесе тиштешип ойдолоктоп жиберишет. Көптөрү ушуну көрбөйле коеюнчу дешкендей көздөрүн чылк жумушуп, баштарын жерге салышат. Кимге таң эле, алардын ыштан алаларын нымдап алышканы-алышпаганы, адамзатынын ааламга жаралганы оош-кыйыш катаалдык кездериндеги мындайлары да бо-ло келгени белгилүү го.
Күчкө толуп ооздорун араандай ачышып азынашып бет-маңдай кагылышууга бара-тышкан буудандардын да курч көздөрү алыстан атыша кетишчүүдөй бири-бирине тигилишет. Ошол өткүр көздөрдүн кудиреттүү нурлары ирмемге жарк-журк чагылыша түшөт. Айтымдарга караганда каран калгырдыкы, тажик минген Карагердин көздөрү пүлп эте ирмелип кетиптир, ал түгүл анын артынан өзү өтө галаты окуранып да жиберген имиш экен эле.
Сынынын көрктүүлүгүнө жараша жаштайынан эркелетип парбейиштелип багы-лып калган эрке Карагердин жүрөгү тайкыланып, жөнчүлүктө ойноктогон оттуу көздөрү өзүнүкүнөн курч көздөрдөн бул сапар кымындайга назиктик кылат. Ошондуктан, анамына кагылышардагы эң акыркы ирмемдерде өзүнөн жашы кексейген Кара-Жоргодон жалт бере жанына буйттап бүт бар күчү менен жан алакетте тызгырыктап качып бергенде үстүндөгү палбаны ооп түшүп кала жаздайт, араң оңдонуп алат.
Анаа тамаша! Аты жаныбары эле эмес, үстүндөгү така салтаң жүрүштөгү жалпай-ган Музафар атынын укуруктай узун мойнун кучактап алып утуру тез-тез теминип артына кылчак-кылчак карап коюп жатканын өзү дагы байкабай калды го. Оппо эңгирегир ай аа, ошондо эбегейсиз күлүк Карагерге жетпей калып бараткан жаныбарың Кара-Жорго да алемине чыдабай азынап жиберген имиш экен.
Жанагы беттешүүдөн соң Музафар Бабажан бубабыз менен түз барып билек сунуша кармаша кетүүдөн паказ оолактай намыс-ариетти унута таштап коюп кыйшалактап алыстай берет. Узактан өтөле катуу муш койгону ынтылганы менен, атын кыялата чаап качып туруп алат, бакшылардай албуутанып тынбай сөгүнөт. Ара-арада ыйлап жаткан кишидей ыңгайсыз арсалактап күлөт. Буга тажик бектери өңдөрүн огобетер бозортуша аң-таң. Мурдатан бир шириндикти татышып жүрүшүп көнүшкөндөй жанакы карсылдаган күлкүлөрү тыйылып, дароо ыраңдары бозоро учат.
Барибир, кайсы убакта, кандай шарттарда болсо да, тууралыктан тайбаган калыс эл эле экен. Калыс тамашакөйлөр чайпалыша дуу этишип, араларынан э-эй, баччагар, катындарча аймалашып качпай эркекче сунулган билектен кармап тартпайсынбы дешип ашатып тажикче, өзбекче аралаш сөгүнгөн үндөр чыгат. Бирок, аларды уга беле шаштысы кете түшкөн Музафар палбан өтөле кең дооранын ичин айлантып күлүгүн дагы огобетер катуу чаап ойноктотуп, алыстан эле сес көрсөтүп карсылдап күлүмүш эткенин токтотпойт, элге тигини тоотпогондой, маскаралап жаткан кишиче тариз көрсөтүп, ойлоно коюуга мүмкүн-чүлүгү жок башын кашыланымыш этип, жаш балача бубама тилин чыгарып, көздөрүн алайта тиктеп, эмне кылсам экен ушул жүдөңкү кыргызды деп жаткансып көрүнүүгө одо-но аракеттене бере. Анысы дагы окшошпой калып жатканын өзү түшүнсө кана эле акылы тайызырак гыраамдын. Мунусун байкап карап турган элдин кыжыры аябай келип, ого бетер ашата сөгүп баштайт.
Музафардын жогорудагыдай кылыктарына бубамдын да кыжыры келбей кое беле, күчөй келет. Ошентсе да, бул акмак аябай аярланып жатпайбы деп өзү дагы өтө этияттанып, ажыкызданган бул кысталактын дагы кандай айла-амалдары бар дегендей акыл калчайт. Каршысындагынын чалагайымдыгына анык көзү жетип, ардемкыялдуулугу ашынган неменин дагынкысын күтүүнү макул көрөт. Ошондуктан, анын катуу мушун жеп уюган билегин тартпай ар сапаркы марттыгы менен ме, кармап тарт дегендей колун сунуп өзү жакындап бара берет. Ал эми тиги ырсалаңдап күлүп кетенчиктейт көздөрүнүн актарын көрсөтө алаң-булаң эттирип.
Бирокчу, түбүнөн өтө гыраамдыктын оңолуп кетерине эси бар киши эле эмес, саал акылы тетик эместердин да дароо ишене коюштары кыйын. Анткени, андай кара ниеттиктерге бурулуп алган акылдын агарганын адамзаты жаралганы укпаган да, көрбөгөн. Ал оор көкүрөктө багылган жыланга окшоп ар качан кылтыя баш бага берет да, кайсы бир учурларда кези келгендей билимсиз жылып чыгып чагып аларлыгы ошол ыскаты калгырлардын өздөрүнө гана эмес, жан-жаныбарлардын баарына маалымдыр.
Ошентип, Музафар мушун алыстан шилтегилеп койгону менен, Карагер тизгинин нарыга шарт буруп кетүүгө да даяр турганы бубамдын ачуусун огобетер келтире берет. Бирок, тиги менен беттешип жатканыңда эч качан кызуулукка алдырбагын деген да ошол көптү көргөн Маамат чал. Муну ирмемге эсинен чыгарбаптыр бубам. Тигинин артынан сая түшүп кууп да албайт, дагы сатаңдарча былкылдап өзүнүн кайрылып келерин чыдап күтүп атын ага карай акырын утурлай жорттура берет.
Анаке, айткандайле Музафар арсалактай алыстан дымак көрсөтө дагы жакындай баштады. Ишенбей калды буга бүрөө-жарым. Ошондой болсо дагы, бубам колун сунган бойдон акырындык менен аны утурлап жакындай берет. Тиги огобетер таакылана жалтак-тайт, алыстап качкан бойдон кете бербей кайрылып кайрале дап берип күүлөнүп келгенин улантат. Эми анын бул кылыктарына чыдабаган күйөрмандардын да көбүнүн кыжырлары аябай күчөп ызылдашып сөгүшөт.
— Ээй, ажыкы- ыз!
— Ой кыстала-ак, карма-аш!
Буларды угуп да койбойт. Не чара…
Кармаша кетишпей убакыт дагы кыйла созулат. Акыры кайрадан бир жакындаша түшүшкөндө бубам тигиге байкатпай өзү минген атынын капталына бутунун учу менен катуурак нукуп коет. Багылып тапталгандан кийин сезенээк болуп калган жаныбар Кара-Жорго аябай катуу чочуп кеткендей тигинин Карагерине кынаалай жандаша түшөт. Баятан бери ушинтип жетип кармап калууну гана көздөгөн бубам Музафардан мурдаракта озунуп анын быртыйган жоон билегинен шап чеңгелдөөгө үлгүрөт. Тиги бошонуп кеткенге ушунчалык катуу далбастап булкунат, бирок, бекем кармап чыгырыктата айландырып тартып алган бубам бошото койбойт. Колун сууруй албай шаштысы кеткен Музафардын көздөрү алаңдап, жо-жоок, аябай коркуп кеткенинен жүрөгү түшө катуу бакы-рып жиберет.
— Ма-за-а-а!
Бүт тамашакөйлөр огобетер демдерин чыгарышпай катып калышат. Өзгөчө тажик бектеринин өңдөрү таң калыштуудай өзгөрүп бири-бирин карашып элейишет. Кең дооранын ичи гыбыраган жан жоктой жым-жырт боло түшөт. Арада тамашакөйлөр минишип жанаша турушкан аттардын бири-бирин чымчылаша тийише коюшкандагы катуу азынаш-кандары ээн аңыздан жаңырып чыгып жаткандай угулат.
Оңой жоо беле Музафар, жок. Митайымдыгына салып бубамды колдору менен алка-жакадан ала чапчылап, таза болбой баратканда өзү кутулуп кеткенге жанталпастай катуу булкуна берет, колдон шыпырылып чыгып кете да жаздайт. Ооба ошентсе да, баятан бери жүрөгү тайкылана пыгы кайтып калган немени өтө катуу чеңгел бошото койбойт, андайда кайра түйнөктөлгөн чаяндай биротоло жабышып алар агари. Сыгып кармаган бойдон тиштенет бубабыз…
Экөө ошол чеңгелдешкен бойдон дымыган доора ичин дагы бир айланышып чыгышат. Жеңилдей түшкөнсүп атынан ооп бараткан Музафар эми бир колу менен бубамдын мойнунан бекем кучактап өзүнө эңкейте тыртыштап тартып, экинчиси менен туш келди жерлерине муштагылап, болобербегенде беттерин да аймалап жиберет жанталпастаган немедей. Ансайын бубамдын чеңгелдери биротоло жазылбоочудай бекем түйүлөт. Тажик палбандын атын далысынан тээп туруп тиштене чиренип катуу булкуп тартат, тиги ары жагына оой атынын мойнун кучактай калып тыртыштайт.
Ошол өтөле катуу-катуу булкуу менен Музафарды былкылдата ичи кам этке толгон чоң ала каптай даңкайтып оодара тартып, өзүнүн атынын жалына көмкөрөсүнөн түшүрүп өңөрүп алып эле айт-айттап кыйкырып жөнөйт бубам. Кара-Жорго катуу камчы зарпаси менен жорголобойле атыраңдаган сайын тигинин колу-буттары шал болгондй өйдө-ылдый көтөрүлүп, түшүп шалпактайт.
Аламан күйөрмандардын көбү жогорудагыдай болуп кетерин түк күтүшпөгөн го. Ошондуктан, бубама купуя жан тартышып турушкандары ганале эмес, Музафардын эзелтеденки жандарындай көргөн күйөрмандары дагы эмне болуп кеткенин түшүнүшпөгөндөй, көрүп турган көздөрүнө такыр эле ишенишпгендей, чачтарынын түптөрү тысырап, гүү этишип катуу чайпалышып, кайрале тып токтошуп демдерин ичтеринен алышып туруп калышат. Ал эми Музафардын жерге күп этип тоголоно аласалып түшөрү көздөрүнө көрүнүп калган тажик бектеринин көбү катуу чочуп кетишкендей ордуларынан ыргып-ыргып тура калышып тамактарында чоң бирдеке тургансып тумчугушуп баратышкандай жутунушат. Анан алемдерине чыдабаган бечаралар тиктеп турууга чыдашпай баштарын жерге салышат.
Көз алдыларында болуп жатканга ичтеринен кубаныштыбы, же башкачабы, алары кубара мисирейген өңдөрүнөн билинбеген кыргыз бектеринин дагы ооздорунан сөз чыкпай уурттары бекем кыпчыят. Кара-Жоргонун жорголобой эле көз илештирбей каалгып сызып учуп жүргөнүн алыстан кайдыгер мыргып тиктешкен тейде эмнелерди ойлошуп жатышкандыктары билинбей бири-бирине кылтыйыша үлүңдөшшүп карашып калышат. Чамасы, эми тажик бектеринин кубарып өчкөн өңдөрүн көрүшүп эле өздөрү чочулашып алышканбы, же… ооба да, мындайда а деп медет берип үнүн чыгарып коюунун өзү о-хо-хоо. Антишпеди да. Ким болсо дагы артымда киши бар дегендей шерденип аларлыгы бышык го. Балким, ошондо бубабыз алардан ушуну күткөндүр.
— Аа-ха-ха-ха!
Кара-Жоргону дооранын ичин дагы айлантып чаап келип чогуу бектердин бет маң-дайына барганда тик так секиртип тизгинин кагып катуу тартып токтоткон бубам башын өйдө көтөрүп карсылдап күлгөндө бир бандазати а дей албай майдан огобетер тумчук-кансып кооптуу мыдырайт.
— А-аа, жаныбарым жылкым!
Көңүлүндө эчтекеси жок палбан бубам тигилердин маанайлары менен иши эмнеле, өзүнүн алапайын таппай калган Музафарды аттан кулатып жибербей өңөргөн бойдон жоргосун доора ичин кайрадан айлантып чаап жөнөйт, ана-мына эми оодарып ыргытат деп күткөндөрдүн чыдамдарын кетирет. Артынан оодар, оодарып таштагын палбан деп бириндеп чыккан үндөрдү да укпайт ал. Анткени, Музафардын өзү атынан оодара тартып эңип алгандарын дайыма куду ушинтип жүргөндөрүн көрүп жүрүшкөн кыргыз бектери кокусунан эңип алсаң, дароо оодарып таштап жибербегин, эл алдында өзүнө окшоштуруп эки-үч жолу айлантып чаап чыгасын, анан кийин тажик бектеринин маңдайларына алып барып кулатып таштайсын дешип катуу дайындашкандары бубамын эсинен чыкпаган да, ошол үчүн айландырып жатпайбы азыр, ошол үчүн кыргыз бектеринин маңдайына эмне кылайын эми дегенсип утуру келип турубатпайбы шуумдугу жок сада палбан.
Ана, элдин баары гүрү-гүү түшүп жатышса, кыргыз бектери ооздоруна толтура суу ууртташып алышкансышып молтоюшуп оппоо, кысталак ай а-а, кантет бул ырысы жок кара жон кул дешкенсишип бири-бирин көз кыйыктары менен гана култуюша тиктешип олтурушат. Ата көрү-ү… алардын эчтеке көрүшпөгөндөй болуп жатышканыбы, же тажиктердин мааласинде аркаларында ишенер таяныч эл жок өздөрүн жалгыз-жарымдай азчылык сезишип турган чактарыбы же… болбосо, эки тарап ортодо жаңжал чыгып кетеби дешип күмөн санаша этияттанышып чочулашканыбы…
Ооба, эки эл жакын кошуна жашашкандыктан, кээде балдары кызыл-чеке мушташышып эле жүрүшкөн экен бир-бирден. Бирок, алары көчө мушташтайле болуп көп нары тереңдебей тынчып жүргөнү ырас го. Кандайы болсо да, бубамдын ооматынын келгенин карап койгула, анда-санда гана опоңдоп жортуп бир-эки жолу кылтың-култуң этип жорголоп койчуу кечээки кырчаңгысы эми жогорудагинтип кадимки күлүктөр сыңары көз илештирбей зымырап чуркап берип жатпайбы. Бубамдын өзү да анын мунусун биринчи жолу байкап кайыл келип өңөрүп жүргөнүн унутуп калган мастай каалгып алды го. Ошол бойдон кең дооранын ичинде атын кээ-кээде үнүн чыгара айт-айт жаныбарым деп күүлөп куду улак чаап жүргөнсүп чалкалабатпайбы.
Башында палбандыгына иреген Музафар ушундай абалда боломун деп эч качан ойлобосо керектир эле. Акыры чыдабаганынан өзү эле оонап жерге түшүп калганга бар мүмкүнчүлүгүн жумшап аракеттенип аябай пытырайт. Бирок, өтө эле бемаани сулкуйган оор тулку ийкемге анча келбей бекем чеңгелдеп ныктай басып кармаган карылуу колдордон бошоно албаптыр…
Аманбай чал бул икаясын өзү аралашып жүргөндөй да, сөзмөр бүрөөлөрдөн уккандарын сөзмө-сөз кайталагандай да кызуулана баяндабатып тамагы кургады окшойт, Саламатка суу берчи дегендей ымаа менен кайрылды. Кызы дароо баякы кара жыгач кесеге жык толтуруп алып келе койгон дарыянын мупмуздак суусун бир токтобой жутуп жиберген карыя кыска жөтөлүп алып, үнүн түзөй бир калыпта чыгарып икаясын кайра улантканга киришти
… акыры кыргыз бектеринин ташталашып өтө катуу кыйкырышкандары кулактарына жете түшүп гана ошол оодарыштын башталышында карсылдап күлүшүп, эми ыраңдары чүпүрөктөй өчүп бозурайган тажик бектеринин тушуна алып барып атын так токтотуп, аларга тик карап туруп муну көрүп алгыла дегенсип Музафарды күп эттире ала-салдырып таштап коюп, өзү үзөңгүгө тура калып кучагын кең жайып көкүрөгүн муштагылап карсылдап күлгөн экен. Бубамдан мындай сүр болорун күтүшпөгөн тажик бектеринин ооздору аңырая ачылып, ал эми эр эңмей оюну башталгандан бериге бир тынымы жок уу-дууга жаңырыбаткан дооранын ичи күндүн өтө катуу күркүрөөсү тып токтогондон кийинки жымжырттыктай дымып, саалчаликтен кийин эле кайра дагы дүңгүрөй жаңыра түшүптүр.
— Яша-аң, Бабаджон!
— Яша-а, шаувааз!
— Баракалла палво-он!
— Азама-ат!
— Атаңа балли-и!
— Миң яша-аң!
Бар аа, кошуналыгы өтө жакын карапайым өзбек, тажиктердин, казактардын бүт баарынын бүйрөлөрү кызый Бабажандап кайта-кайта кыйкырышып дүүлдөгөндөрү обо жаңыртат. Тажик бектеринин өңдөрү сүзүлгөн эски чүпүрөктөй бозурайып өчүп, баштары ылдый салаңдайт.
Ал эми кыргыз бектерине эмне болду десеңерчи, бир-экөөсү беркилерине байкатпай мулуюшпаса, калгандары түзүк эле баш көтөргөн бек экендиктерин куду ошол тапта унутушуп алышыптыр. Кала берсе, бубамдын жеке өзүнө ичтап болушкандай бири чук этпей мелтирешкен имиш, тажик бектрге тике караша алышпай айыптуудай баштарын жерге салышыптыр.
Тооба, Музафар палбанга Бабажан алдырып койгондо эмне дешмекчи эле өздөрү, акмагын чыгара сөгүп-сөздөшмөк да жер тиктеттиң бизди дешип. Ким билет, эң башындагы аларга катуу эле сес көрсөтүп коелучу дешип күпүлдөшкөн бектер эми жок, пысышып… эмнеге мынчалык өң-алакеттен кетише гырмыйгандары да белгисиз, эриндерин кымтышкан бойдон мисирейишиптир.
Жакшылык менен жамандык эч качан жерде көмүскө жатып кала бербеси туура, балдарым, эртедир-кечтир көөлгүп көрүнөөгө чыгат делинет элде. Анын сыңары, кийинки өтө түкшүктөрдүн айтымдарына караганда, биздин бектердин бирөө-жарымдары тажиктерден бирдеке ала коюп малдарын убактылуу жайып бакканга гана уруксат берген имиш экен эле, ошол үчүн өздөрү жер карама болушкан экен деген сөз жылжыйт. Аны менен бирге бөтөн жерде дегендей тейдеги өз жандарынан чоочулай жоошушуп турушкан имиш, эки эл ортосундагы араздашуунун артынан кыргын-согуштун чыгып кетишинен саксынышып деп да кээде айтылып калыптыр. Башка дагы эмнелери бар экендиги дымдарексиз. Аларды бубама окшогон бечара мөм калың калк кайдан боолголосун, ал эми казак, өзбек бектери эл көзүнө барынча тиш көрсөтүшүп эр эңген палбандын бектеринин колдорун нетеремишке араң силккилеше баракелделешип коюшкандыктары гана ачык айтылып жүргөн имиш кийинчеликте. Тажик бектери болсо ичтеринен кан өткөндөй боло түшсө да, эриндерин кесе тиштешип, качантан берки көксөөлөрү суу сепкендей өчүп элге кошулуп күлүп-жайнай алышпай бозорушуптур.
Ооба да, ошондо эки тарап бектер чыныгы палбандыктын шаани-шөкөттөрү үчүн ымала менен карым-катнашта кошуна жашашкан элдердин мындай авазалашып бири-бири менен аралашып биригишип кетишерин, бирдей кубанышып алышарын күтүшкөн эмес го чамасы, ошентип ичтеринде кандай ириткилери болсо да, ошол бойдон өз өңдөрүн кочкулданта кызартышып бирар-жарым бүрөөгө чук этише тийише алышпай калыша бериш-кен имиш…
— Дагычы?! Кийин бубабыз кантиптир?
Баян түгөнгөнсүгөндөн кийинки бир азга созулган жымжырттыкты баятан бери чук этпей муюп угуп молтоюп олтурган Абдалым бузду. Аманбай кенжетайына тигиле карап борсулдап күлдү.
— Саал сабырдуураак болсоң, балам… ии, ошол эр эңиштен кийин тажиктердин биздин жайыттарга мал-алдарын жайып өткөрүүлөрү солгундап барып акыры биротоло тыйылыптыр. Ал эми бектер Кара-Жорго лакамы менен аталып калган ошол атты минип жүрө бер эми дешип коюшуптур. Кантишсе дагы, алардын бубабызга кылган жакшылыктары ошол болуптур…
— Тогуздап соорундарчы?
— Кайтып келишкенден кийин бизге чотор бересинби дешип бектер талап бөлүшүп алышыптыр.
— Ээ, наамарттар экен аа!
— А балам, ошол жоргонун тийип калганына да шүгүрчүлүк келтиргендир бубабыз. Аны да беришпей коюшса эмне эле… биздин бектерибиз ар замандарда ошентип келишкен, азыр деле ошондой го…
Аманбай чал сестейе түштү, бүрөө-жарым айткандарымы угуп калбады бекен дегендей. Ушундай бир ооз сөз менен коммунисттик партиянын саясатына каршы аракет жасады делинип кечээле жакында канчалары дайынсыз жок болуп кетишкени эсине кылтылдай түштү да, эрин тиштеди.
— Улакчы… ат мингенди үйрөнүп алып деле сиздин бубаңыз улак чаппадыбы?
Шаштысы кеткен Абдалымдын сиздин бубаңыз дегенине баары чогуу күлүп жиберишти. Жогорудагы баянга ябай толкунданып алган баласынын бул суроосуна дароо жооп бере албай калды чал дагы күлүп жатып. Узагырак созулчу карылыктын жөтөлү кайрадан кармады анын артынан. Жутунуп, терең дем алгандан кийин гана баласына карап улутунуп жылмайды.
— Ой бала, баарыбыздын бубабыз ал, менин, сенин дагы.… кийин көпкө чейин эр оодарыштарда ага тең келерлик бир азамат чыкпаптыр. Ошол эле Кара-Жоргосу менен улак чаап жүрүп аброю аябай көтөрүлүп, жашы улуулардын баары палбан, жаштары палбан аба дешип чакырышып калышкан экен. Бул бубамабы…
Аманбай бир кыйлагача дагы унчукпай калып Абдалымдын чыдамын дагы кетирдиби, кыпылдап беркилерине бир-бирден суроолуу карай койду, бирок, өзү унчукпай кала берди атасынын жанакы сабырдуурак болчу дегенин эстей.
— Ошол эр оодарыш күркүрөп кирип келген оомат болсо керекрир эле, балдарым. Ооба да, палбандыгынанбы, же Кара-Жоргодонбу келген оомат экен эле. Андай оомат эр жигиттин башына үч жолу гана келерин, анын бирөөсүн карманып калгандары көксөгөн мурадына жетерин көп жашап, көптү көргөн акылы жетик карылар айтышып эле жүрүшпөйбү азыр деле.
Аманбай ойлуу сүйлөдү.
— Ии… анан, ананчы?
Барибир Абдалым чыдабады.
— Кийин бектер дарыядан суу буруп келип турсун дешип аны мураптыкка дайындашып коюшкан имиш… Жокчулугу кендирин кескенби, же атыңды сатсаң, ушуларды беремин дегендери көзүнө өтө көп көрүнө түшкөнбү, айтор, өзүнөн улуулардын кой-айын укпай-нетпей кедей бечара бир топ койго, кара малга алмаштырып жиберип мал-алдуу болуп алат. Бирокчу, төгөрөктүн төрт бурчуна угулуп таанымал болгон Бабажан наамы тез эле унутулуптур.
Кийин бектер көптөн берки алык-салыктарды төлөбөй жүрөсүн дешип дагы айып салышат, айыпты төлөймүн, кийинчерээк көбөйтүп алармын деп мал-алдарын бүт кор сатат, акырында үйүндө бүдүр нерсеси калбайт, ал аз келгенсип мураптыгынан дагы бошотушуп коюшат. Ошентип, өзүнчө бир келип калган ооматын эптеп кармана албаган бубабыз кайрале мурдакы кейпине түшүптүр. Өмүр бою ар кимдин койлорун кайтарып, ага дагы боло бербегенде, баякысындай тоодон караган чаап алып келип шыпыргы жасап, табылгы жулуп желкесине көтөрүп жүрүп отундукка сатып жетешсиз тириглигине түшүп, башка өйдө көтөрүлүп кете албай өткөн экен.
— Ой эн-неңди-и… бектер чыныгы наамарттар экен, аа ата!
— Оппоо, сөгүнбө дедим го, адепсиз!.. Көрдүңбү ошол ооматты кармана албай, ак-сакалдардын айткандарын укпай сатып жибергендиги үчүн, Бабажан ысмы унутулуптур, өзүнүн тилезарлигинен, билбестигинен ошону көрүп жатпайбы. Ана… ылдыйыбыздагы эки бир тууган кошуналарыбыз дагы өз кезинде атактары алыска кеткен палбан улакчылар эле. Күнөкөр көздөрүм менен көрүп жүргөмүн, бүткүл элдин авази келчү аларга. Соо-рундар коюлган патталардин бир жагына учкул кара аты менен чоңу, экинчи жагына тору аты менен кичиги лыпылдатышып ташташып турушкан.
Аманбай башын өйдө көтөрүп Жумабайга карады.
— Жумабай, чеке-черпитин сен дагы билерсин. Апаларынын койгула балдарым, силердин азыркы ооматыңар, балким, ушул эки аттадыр, сатпай кармап калгылачы деп канча безилдегенине карашпай өздөрү минген жарамдуу Карат менен Тораттарын өтөле көп пулга кызыгышып сатып жиберишкенин. Ана эми азыргача дымдарексиз үйлөрүнөн чыкпай очоюшуп олтурушуп калышты. Ошол үчүн ат эр жигиттин канаты, бир келген бере-шен ооматы деп бекерден-бекер айтылбаса керектир эле эл ичинде. Өзүнө бап келип тур-ган жаныбар аттын баркына жетпесе, акыр-акыбети ушундай болот окшойт…
Аманбай Абдалымга тигиле тиктеп, Жумабайына көрдүңбү дегендей көз кыйыгын таштап койду. Өзүңө бир келген ооматыңы кастарла, бейоопа өткөрүп жибербе, балам, дегенсип ымаа бердиби, же башкабы, иши кылып арада кыска жөтөлүп алды. Ким билет, же барына канаат менен сабырдуулукту эсине түшүргөндүр ата. Айтор, мындан башка сөзүм жок, иш-ишиңерге тура бергиле эми дегендей адатынча унчукпай күңгүрөнгөнсүп олтуруп алды.
Жумабайдын көзүнө полпойгон дабардес атасынын мелтиреген жүзүндөгү кыйма-чийме тырыштары азыр эле бир кыйла тереңдей, бою мурдакысынан дагы чөгө кичирейгенсип көрүнүп кетти. Карып калды атам деген ой менен билимсиз улутунуп алды бала чоң кишилик кадыкааматында. Кокус эле келе түшкөн бул оюнан да дароо катуу чочуп сестейди. Артынан кой а деп жиберди шашып атасына тике карап. Ал эми Абдалым балалык кыялында бизгечи, магачы, агама алигече оомат келе элекпи, же атамдын өзү дагы бубасына окшоп кармай алган эмеспи ошондой ооматты. Болбосо, анысы качан келет, качан өзүбүздүн атыбыз болот… акем колхоздун атын минип улак чаап жүрөт го деген көчмө ойлордо көөлгүдү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button