Макалалар

Жума күнүнүн 16 өзгөчөлүгү

Күндөрдүн эң жакшысы болгон Жума күнү тууралуу көптөгөн хадистер бар. Алар бул күндүн улуулугун жана жума күнү кандай иш-аракеттерди аткаруу керектигинен кабар берет. Ар жумада Жаратканга чын ыкыластан жалбарып күнөөлөрдүн кечирилишин тилейли.

1- Айлардын эң улуусу Рамазан болсо, күндөрдү эң жакшысы – Жума. Ыйык Куранда 11 аяттан турган “Жума” сүрөсү бар.

2- Жума күнү жөнүндө Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

“Күн шооласын чачкан күндөрдүн эң жашысы – Жума күнү” (Имам Муслим, 1410).

3- Жума күнү Кыямат кайым болот. Пагамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

“Кыямат кайым Жума күнү болот”.

4- Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын саламболсун) мындай дегенин кабарлайт

“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — жума, Адам ата ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган”. (Муслим).

5-

“Ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келсе, (хутбаны) унчукпастан укса, анын мурдагы жана (эки) жуманын ортосундагы, ошондой эле (ага кошумча) дагы үч күндүн (ичинде жасаган майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми майда таштарды термелеп (ойноп) олтургандар — пайдасыз амал менен алектенишүүдө”. (Муслим).

6- Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт :

“Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).

7- Абу Хурайра жана Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) өзүнүн жыгачтан жасалган минбарында турган Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлашат:

“Ант болсун, же адамдар жума намазын каза кылганды токтотушат, же Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөп салат да, ошондон кийин алар сөзсүз (динге) кайдыгерлердин катарына кирип калышат!” (Муслим).

8- Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде силерден кимдир бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул, даарат алып келсин!” (аль- Бухари; Муслим).

9- Самура (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт

“Эгерде адам жума күнү кичи (вуду) даарат алса — ал жакшы, ал эми кимдир бирөө гусул даарат алса — ал андан да мыкты!” (Бул хадисти Абу Дауд менен аны “жакшы хадис” деп атаган ат-Тирмизи келтиришет).

10- Салман ал-Фариси (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде адам жума күнү колунан келишинче гусул (даарат) алып, үйүндө бар мисктен чачтарына (же денесине) сүртсө, анан жума намазына жөнөп (келген соң, мечитте) олтургандарды түрткүлөбөсө, (Аллах тарабынан) буюрулган (масжид акы) намазын окуса, анан имам сүйлөгөн кезде унчукпай олтурса, анда, анын мурдагы жумадан ушул жумага чейинки (майда) күнөөлөрү кечирилет!” (ал-Бухари).

11- Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт

“Жума күнү, “жунуб” болгондон кийин алынган гусул сыяктуу эле гусул (даарат) алып, анан биринчи саатта мечитке келген адам төөнү курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам уйду курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген (адам) мүйүздүү койду курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта мечитке келген адам тоокту курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам тооктун жумурткасын курмандык чалган (адам) сыяктуу (соопко ээ болот), ал эми имам (минбарга) чыккан кезде периштелер да (сооп жазууну токтотушуп) зикрди угуу үчүн (минбар жакка) келишет”. (ал-Бухари; Муслим).

12- Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар”, — деген Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) ал убакыттын (абдан) кыска экендигин билдирген ишарат жасады”. (ал- Бухари; Муслим).

13- Абу Бурда бин Абу Муса ал-Ашаринин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат

“Абдуллах бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) менден минтип сурады: “Жуманын ошол (дуба кабыл болуучу) убактысы тууралуу сенин атаңа Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бир нерсе дегенин сенин укканың барбы?” Мен айттым: “Ооба, мен анын минтип айтканын укканым бар: “Мен Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Ал (кыска) убакыт имам (минбарга) олтургандан баштап, намаздарды окуп бүткөнгө чейин” — дегенин уккан элем”. (Муслим).

14- Аус бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Чындыгында, жума — силердин эң мыкты күндөрүңөрдүн бири. Ошондуктан бул күнү мага (көп-көп) салам-салаваттарды жолдогула. Анткени, чындыгында, силердин салават-саламдарыңар тууралуу мага (периштелер сөзсүз) кабарлашат!” (Бул хадисти Абу Дауд ишенимдүү иснад менен келтирет).

15- Бул күнү “Кахф” сүрөсүн окуу жакшы. Бул тууралуу Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтып калтырган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:

“Ким Жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ага кийинки жумага чейин нур болот” (Ад-Дарами; Сахих ал-Жаами, 6471).

16- Намазга келгенде намаз окуп жаткандардын үстүнөн аттап, же алдынан кесип өтүүгө болбойт. Көбүнчө намазга кечигип келгендер ушундай кылышат. Бул тууралуу Абдуллах бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте, жума күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мечитте хутба айтып жатканда бир адам келип, адамдарды аттап, сапты аралай берди эле, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ага:

“Отур, адамдарга жолтоо болуп жатасың”,- деп эскертти. (Абу Дауд, 1118; Ибн Маажа, 1115).

Булак
"УММА"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker