Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: ЖИГИТТЕР — Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
Жаңылыктар
Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
Аалымдар Жаңылыктар
«Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
Жаңылыктар
АЛЛАХТЫН 99 ЫСЫМЫ жана КЫРГЫЗЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Китептер
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Ырлар > ЖИГИТТЕР — Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине
Ырлар

ЖИГИТТЕР — Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине

admin
Жаңыланды: 2022/09/26 at 5:00 ТЧ
admin  - Charlestreri
Бөлүшүү
Жигиттер, кайрандарым, апаат кунү,
жалындык бир силерге, бир Кудайга.
Мекен да тирүү экен, аалам тирүү,
жигитке жүрөк берсе, булкуна алган!…
Бийиктин баркын — баасын барчын билет,
шумкарга тагдыр буйруйт шукшурулган.
… Мекендин жүгү мага артылды деп,
Мекендин асманына учту бир жан…
Балапан үчүн бакта уядагы,
батперек учуп турган асман үчүн —
Жаныңа алмаштырдың Күн-ааламды…
Сен эми өмүр болуп кайтаарың, чын!
Кудайдын жүрөгү адам, канаты адам,
болдуңар жүрөк дагы, канат дагы.
… Жакыным болдуң жерди каратпаган,
алысым болдуң асман тараптагы…
Бегиң жок үчүн чебин, теңин билээр,
Бийиң жок үчүн зарды, арды билээр —
Өлүмдү карай силер чегиндиңер!
Мекеним болуп турдуң ар бириңер!
Акыркы мүнөттөрдө, күлгүн өмүр,
эмнеде болду экен эс-ойуңар?
…Силердин төбөңөрдө ким бирөөнүн,
илинбей калган эски чокою бар!…
Эмнелер келди экен ой-санааңа,
Жашадым деп ойлодуң, жашабадым…
Аядың апакеңди жол караган,
таядың тайып аткан Асабаңды!
Өмүрдү аядың го жалжылдаган,
өлкөңду аядыңбы жетиле элек?
… Боло алат тура Мекен жалгыз адам,
Мекенсиз адам, бирок жетим өлөт!…
Таянаар кишиң калбай жан жагыңда,
өбөктөп куладың го куралыңа…
… Көнгөндөр жалган ыйлап, жалган ырдап,
өмүрдөн башканы эле сурагыла!
Жашоону жалгап турган теңдеп, тескеп,
от элең, суудай элең, бороон элең!
… Мен эми сени жоктоп, сени эстеп
сени өзүм өлтүргөндөй боло берем…
Жигиттер, кайрандарым, сабалаган,
үлгүсү боло алдыңар бийиктиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
Кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!
Нарсулуу Гургубаева

admin 26.09.2022
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Бөлүшүү
By admin Charlestreri
Катталуу:
https://t.me/pump_upp
Мурдагы макала Кыргыз тарапка ок аткан баскынчы Тажикстандык белгилүү аалымбы? Текшеребиз
Кийинки макала ЖУМАБАЙ ПАЛБАН (повесттен үзүндү)
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз
0 пикир

*Enter your name

*Минимум 2 символа.

Do not change these fields following

    Бизге катталыңыз!

    49k окурман Жакты
    481k окурман Катталыңыз
    136k Катталуучулар Жазылыңыз
    1.7k Мүчөлөр Катталыңыз
    - Advertisement -

    Акыркы кошулгандар

    Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
    Жаңылыктар 30.01.2023
    Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
    Аңгемелер Таасирдүү окуялар 29.01.2023
    Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
    Аалымдар Жаңылыктар 26.01.2023
    «Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
    Жаңылыктар 25.01.2023
    //

    Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

    Катталыңыз

    © 2022 FormulaMediaGroup

    Окуу тизмесинен өчүрүү

    Баш тартуу
    Ассаламу алайкум!

    Авторизация

    Сырсөздү унттуңузбу?