alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
АңгемелерТаасирдүү окуялар

Жетимдин башын сылагыла!

Башка айылда беш жыл мугалим болуп иштеп келген кесиптешим айтат:

Мен ошол айылга кычыраган чилде башталган  январь айында мугалим болуп баргам. Мектеп директору мендей жаш мугалимди сынайын дедиби же чындап эле жардам бергиси келдиби, айтор ишке орношкондон бир жума өтүп- өтпөй, ачык сабак өтөсүң деп буйрук берди.

Коллектив жаны, окуучулар да жаны. Көпчүлүгү менен таанышууга үлгүрө элекмин. Бирок, намысыма келип макул дедим. Эки-үч күн каттуу даярданып,ачык сабак болоор күнү таңкы күрүң-бараңда мектепке бардым. Кароолубуз от жагып жүрүптүр. Сабак өтчү калсска кирип, нес болуп катып калдым. Класстын ичиндеги  мештин табына  эки окуучу  колдорун кактап ысынып олтурушат. Үстүлөрү жука. Дилдиреп, оозу мурдулары сууктан көгөрүп калган.

Мени көрүп саламдашууга шашылган окуучулардан оозунуп кетип:

-Балдар эмне мынча таң азандап, үстүнөр да жука. Эмне кийиминер жокпу?- деп суроо узаттым:

Бир саам үн катпай турган балдардын, чоңу акырын сөз баштады.

-Агай сиз билбесениз керек. Биздин апабыз өтүп кеткен. Бир жылдан соң атабыз башкага үйлөндү… Эгер өгөй апабыз ойготкон убакта тура албай калсак, бизге тамак аш –бербей үйдөн кууп чыгат…. Бүгүн да ошондой болду.  Нурбек экөөбүз кечинде атам мас болуп келгендиктен, аны түн жарымда араң уктаттык.Эрте менен апабыз от жаккыла деп ойготкондо тура албай калдык. Анан бизди адатынча кууп чыкты. Кийимдерибизди да бербей койду. -деп көзү жашылданды баланын.

Тырнактары өскөн, чилденин тыз-тыз эттирип дене боюңду калчылдатып үшүткөн  суугуна  чарт-чарт жарылган колдорун улам отко  кактап ысыткан, чачтары өскөн, жука илбиреген кийимдери менен мештин айланасында олтурган балдардын баштан кечирип жаткан катаал, татаал, аянычтуу, тагдырылары көз алдыма тартылып, буулугуп чыктым. Канчалык кармансам да көзүмөн  жаштар тамды.

Көз алдыма китептерде жазылган  Пайгамбарыбыздын (САВ) “Жетимдин башын сылагыла!!!” деген осуяттарынан саптар тартылып, кулагыма аалымдардан эшиткен “Жетим ыйласа — бүтүн аалым ыйлайт. Аларга жылуу мамиледе болгула!!! Муну пайгамбарыбыз айткан”-деген баяндары жаңырып жатты. Акырын барып 3-4 –класста окуган ошол балдарды боорума кыстым. Аларда кимдир бирөөнүн ушундай мээримине муктаж белем, мени кучактап,  шолоктоп   ыйлап киришти. Мен да карманалбай калдым. Ушунчалык ыйладым дейсин, андагы абалды азыр айтып бере албайм. Ошол ыйдагы сезимдерди  бүгүн деле издеп  жүрөм….

 Адамдар бүгүн бакытты байлыктан, бийликтен издеп жүрүшөт. Жок, бакытты жараткан буйруган жакшылык иштерди аткаруу, жардыга жардам берип, жесирдин абалынан кабар алып, жетимдин башынан сылоодон да тапса болот.  Алты саны аман, иштерге иши, нан жээрге тиши, артынан ак батасын берерге ата-энеси  тирүү туруп, жашоолоруна наалыгандар болсо, мен аларды жетимдердин, сылап сыйпалабай түз айтканда жетимканалардан кабар алгыла дээр элем. Ошондо шүгүрчүлүк келтирүүнү үйрөнөсүң.-досум дейт.

Замандашымдын башынан өткөн бул окуясын угуп олтуруп, менин да  ага кошулуп көздөрүмдөн  тып-тып жаштар тамды…

Нуркамил Абдуллаев. Ноокат шаары,
атайын “Formula.KG” сайты үчүн!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button