alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
Аңгемелер

ЖАРАТКАНДЫН ЖАКЫНДЫГЫ

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Улуу пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (САВ) айтты:

«Муса (а.с) Алла Таала менен байланышып, анын кудуреттүү керемет сөзүн уккан пайгамбар. Ал бир күнү Алла Таала менен болгон мунажатында (маек):
— Оо, Жаратканым! Мени урмат кылгандай кимдир бирөөнү урмат кылдыңбы? Мени урмат кылгандыгың ушул даражада болду- өзүңдүн кудуреттүү сөзүңдү мага угуздуң,- дегенде, Алла Таала:
— Эй, Муса! Менде бир пенделерим бар. Ал пенделерди акыр заман убагында чыгарам. Бул пенделерди Рамазан айы менен урмат кыламын. Мен сага жакын боломун, бирок ошол үммөттөргө сага караганда жакыныраак боломун. Азыр мен сени менен сүйлөшүп турган убакта ортобузда 70 миң парда бар. Мухаммед САВдын үммөтү болгон ошол пенделер орозо кармап, ачкалыктан же суусап ырайлары өзгөрүп турган болсо, алар ооз ачып жаткан убагында ошол пардалардын бардыгын ачып жиберем.
Эй, Муса! Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, суусаган болсо, курсактары ачка калган болсо ушуларга бактылуулук, ушуларга жакшылык болсун!, — деди.»

Ар бир орозо кармаган мусулман бир туугандарга эки дүйнө кубанычын тилек кылам. Орозоңуздар кабыл болсун!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button